How does the “Sanarip Insan” project contribute to supporting the Kyrgyz government’s digitization efforts?

Кыргызстан соңку он жылдыкта санариптешүү жараянын активдүү жүргүзүп келет. 2018-жылы “Туруктуу Өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясы – 2040” кабыл алынган, анын алкагында санариптик мамлекетти куруу өлкөнүн келечеги үчүн эң маанилүү фактор экени аныкталган. Буга байланыштуу 2019-жылдан баштап “Санарип Кыргызстан” беш жылдык программасы ишке ашырыла баштаган. Ошондой эле 2019-жылдан баштап, эки жыл бою үзгүлтүксүз “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” жарыяланган.

Санариптешүү негизги багыт катары азкыркы президенттин тушунда дагы активдүү ишке ашууда. КРнын президенти Садыр Жапаров 2022-жылы 7-сентябрда “Санариптештирүү – бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы тренди. Кыргызстан башкаруу, экономика, билим берүү, социалдык чөйрө тармактарын жигердүү санариптештирүү процессинде турат” деп расмий билдирүү тараткан. 

Европа Биримдигинин каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан “Санарип  Инсан” долбоору өлкөнүн ар кандай топтогу тургундарын санариптик көндүмдөр менен камсыздап, экосистеманы жана тиешелүү чөйрөнү түзүү аркылуу мамлекеттин дараметин көтөрүүгө, ошондой эле жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүгө, ишкердикти өркүндөтүүгө, теңсиздикти кыскартууга, инклюзивдик, инновациялык, туруктуу экономикалык өнүгүүгө, жаңы жумушчу оорундарды түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттерине колдоо көрсөтүү болуп саналат. 

Анын алкагында долбоор тийиштүү институттарда, билим берүү мекемелеринде маалыматтыккоммуникативдик технологияга байланышкан инклюзивдик жана натыйжалуу жыйынтыктарды колдонуу аркылуу билим берүү системасын жаңылантууга, адистикти көтөрүүгө, инновациялык каражаттарды колдонуу менен алдыңкы тажрыйбаларды кеңири жайылтууга, ошондой эле элдин аялуу тобуна кирген жарандарга, өзгөчө жаш аялзатына, кыздарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, мигранттарга билим алууга, адистикке үйрөнүүгө бирдей мүмкүндүктү түзүүгө багытталган улуттук саясатка колдоо көрсөтөт. Анын алкагында “Санарип Инсан” долбоору КРнын Билим берүү жана Илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрилиги, ошондой эле, Санариптик өнүктүрүү министрилиги менен тыгыз кызматташууда.

2022-жылдын март айынан баштап ишке кирген “Санарип Инсан” долбоорунун башкы максаты, жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат.

Бул максаттарды ишке ашырууда “Санарип Инсан” долбоору жөнөкөй жарандарды окутуунун жана маалымат жайылтуунун түрдүү ыкмаларын колдонуп келет. Анын арасында, атайын региондогу тургундар үчүн жандуу тренингдер, заманбап технологиялар жана кесиптер тууралуу вебинарлар сериясы, алыскы аймактарда жаңырган радиолор аркылуу подкасттар сериясын жана эл аралык деңгээлде өтүлүп келе жаткан форумдарды уюштуруп келет.

E-commerce training of the project “Digital Citizen” in At-Bashy village

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутуу кербени 16-март күнү Ат-Башы айылында болуп өттү.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электронлук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Ат-Башы айылындагы тренингге жалпы 15 кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Электрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Электрондук коммерция” боюнча окутууларды уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн Ат-Башы райондук китепканасына жана Борбордук Шайлоо Комиссиясынын “Жарандык Билим Берүү Борборлоруна” ыраазычылык билдиребиз.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.

E-commerce training of the project “Digital Citizen” in Naryn

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутуу кербени 15-март күнү Нарын шаарында уланды.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу өтүүдө. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электрондук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Нарын шаарындагы тренингге жалпы 20 дан ашык кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Элоктрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Электрондук коммерция” боюнча окутууларды уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн Нарын жаштар борборуна жана маалыматтык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Нарын ТВга, @narynnews баракчасына ыраазычылык билдиребиз.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.

E-commerce training of the project “Digital Citizen” in Kochkor village

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутуу кербени 14-март күнү Кочкор районунда уланды.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электронлук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Кочкор районундагы тренингге жалпы 15 кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Элоктрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Электрондук коммерция” боюнча окутууларды уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн “Кочкор Демилгелүү Жаштар” коомдук бирикмесине ыраазычылык билдиребиз.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.

E-commerce training of the project “Digital Citizen” in Bokonbaev village

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутуу кербени 13-март күнү Бөкөнбаев айылында уланды.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электронлук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Бөкөнбаев айылындагы тренингге жалпы 30дан ашык кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Элоктрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Электрондук коммерция” боюнча окутууларды уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн Тоң районунун администрациясына, Бөкөнбаев айыл өкмөтүнө жана райондук китепкананын жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.

E-commerce taining of the project “Digital Citizen” in Karakol

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутууларынын экинчи айлампасы 11-март күнү Каракол шаарында уланды.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электронлук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Караколдогу тренингге жалпы 20дан ашык кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Элоктрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Электрондук коммерция” боюнча окутууларды уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик Университетине, ошондой эле маалыматтык жактан колдоо көрсөткөнү үчүн Ысык-Көл ТВга ыраазычылык билдиребиз.

Бул долбоор Европа Биримдигинин финансылык каржылоосу менен ишке ашырылып жатат.

E-commerce training of the “Digital Citizen” project in Balykchy

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутууларынын экинчи айлампасы 10-март күнү Балыкчы шаарынан башталды.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электронлук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Балыкчыдагы тренингге жалпы 20дан ашык кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Элоктрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Санарип инсан” долбоорунун тренингдерин уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “Ордо” муниципалдык жаштар борборуна, ошондой эле маалыматтык жактан колдоо көрсөткөнү үчүн Балыкчы шаарынын мэриясына жана КР БШКнын “Жарандык жана санариптик билим берүү борборуна” ыраазычылык билдиребиз.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.

ТЕХНОЛОГИЯДАГЫ КЫЗДАР форуму

БОРБОР АЗИЯДАГЫ КЫЗ-КЕЛИНДЕРГЕ МААЛЫМАТТЫК-ТЕХНОЛОГИЯДАГЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Бишкек шаары,

27-апрель, 2023-жыл

ФОРУМ жөнүндө

27-апрелде Бишкекте “Борбор Азиядагы кыз-келиндерге маалыматтык-технологиядагы мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы экинчи эл аралык форум өтөт. Форумда жергиликтүү жана эл аралык эксперттер жана маалыматтаык-технология тармагындагы ийгиликтүү айымдар өз тажрыйбаларын бөлүшүп, космоско кантип спутник учурса болот, жасалма интеллектти кантип багынта алабыз, дүйнө талап кылган кесиптер жана алардын келечеги кандай, социалдык тармактарды кандайча пайдага колдоно алабыз, интернетте өзүн коргоо эмнеге керек, заманбап жашоодо финансылык сабаттуулук эмне үчүн маанилүү деген сыяктуу бир нече актуалдуу темалардын айланасында сөз кылышат.

ПРОГРАММА

8.30 - 9.00

Катышуучуларды каттоо. Эркин баарлашуу

09.00 - 09.45

Ачылышы.

Алып баруучу, “Санарип Инсан” долбоорунун медиа-эксперти – Сапаргүл Абдинабиева

Саламдашуу сөз

Миргүл Темирбаева - КР ЖКнин депутаты
Каныбек Иманалиев - Билим берүү жана илим министри
Индира Шаршенова - Санарип өнүктүрүү министринин орун басары(макулдашып жатат)
Наталья Мочу - Эл аралык электр байланыш союзунун КМШ аймактык директору
Талант Султанов - Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн төрагасы

09.45 - 10.45

Сессия 1. Санариптешүү доорунда кыргыз айымдарына мүмкүнчүлүктөр кандай?

Модератор: Сапаргүл Абдинабиева

1. Жамал Фронтбек кызы - “Мутакалим” уюмунун жетекчиси
2. Назгүл Турдубекова - “Балдардын укугун коргоо” лигасынын жетекчиси
3. Айсулуу Мейманканова - Эл Аралык Эмгек Уюмунун «Өз Бизнесиңди Башта жана Өнүктүр» глобалдык тренинг программасынын мастер тренери
4. Асипа Алтымышева - “Эл аралык электр байланыш союзунун” санариптештирүү жана гендер боюнча эксперти
5. Элзада Саргашкаева - «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Массалык маалымат бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар Ассоциациясынын вице-президенти
6. Зина Кабылбекова - СММ адиси

10.45 - 11.45

Сессия 2. Технология айымдардын жашоосун кандайча өзгөртүп жатат?

Модератор: Ажыбек Нурлан
1. Кундуз Казыбек кызы - “Соло Медиа” ютуб каналынын негиздөөчүсү
2. Алтынай Сариева - Кыргыз Космостук программасынын адиси
3. Дилбара Муратова - Бал аарычылык тармагындагы ишкер айым, экперт, Ecobee брендинин негиздөөчүсү
4. Сапаргүл Абдинабиева - “Санарип Инсан” долбоорунун медиа-эксперти
5. Айпери Бозоева - “Tech4society” долбоорунун эксперти
6. Төлөгөн Аматов - Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Жаңы китеп" мекемесинин директору

11.45 - 12.30

Жыйынтыктоо.

Конкурс
Жыйынтыктоо сөзү

Сапаргүл Абдинабиева - Санарип Инсан долбоорунун медиа-эксперти

12.30

Фуршет. Бейрасмий баарлашуу

СПИКЕРЛЕР

Миргүл Темирбаева

КР ЖКнин депутаты

Каныбек Иманалиев

Билим берүү жана илим министри

Индира Шаршенова

Санарип өнүктүрүү
министринин орун басары

Наталья Мочу

Эл аралык электр байланыш союзунун КМШ аймактык директору

Жамал Фронтбек кызы

“Мутакалим” уюмунун жетекчиси

Назгуль Турдубекова
“Балдардын укугун коргоо” лигасынын
жетекчиси
Асипа Алтымышева
“Эл аралык электр байланыш союзунун”
санариптештирүү жана гендер боюнча эксперти

Саргашкаева Элзада Рысбековна

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Массалык маалымат бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар Ассоциациясынын вице-президенти

Айсулуу Мейманканова

Эл Аралык Эмгек Уюмунун «Оз Бизнесинди Башта жана Онуктур» глобальдык тренинг программасынын мастер тренери

Кундуз Казыбек кызы
“Соло Медиа” ютуб каналынын негиздөөчүсү

Зина Кабылбекова

СММ адиси

Дилбара Муратова

Бал аарычылык тармагындагы ишкер айым, экперт, Ecobee брендинин негиздөөчүсү

Алтынай Сариева

Кыргыз Космостук программасынын адиси

Сапаргүл Абдинабиева

Санарип Инсан долбоорунун медиа-эксперти

Айпери Бозоева

“Tech4society” долбоорунун эксперти

Төлөгөн Аматов

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Жаңы китеп” мекемесинин директору

УЮШТУРУУЧУЛАР

How to become a salesforce specialist?

Date: 28th of February
Time: 16:00

SPEAKER: Seyitbek Usmanov is our compatriot who works for the largest IT company Salesforce in San Francisco, USA.

Hello, friends! Recently, many people have been asking the question: “How can I change my profession?” “How can I become an IT specialist?”. They believed that “being an IT specialist is very difficult.” There is an easy and difficult way to become an IT specialist. There has been a lot of discussion about this. Today, the Salesforce specialization is gaining popularity at a very fast pace. Therefore, we called the topic of the next webinar of the Sanarip Insan project “How to become a Salesforce specialist?The guest of the webinar will be our compatriot Seyitbek Usmanov, who works at Salesforce, one of the largest IT companies in San Francisco, USA.
Salesforce is an expert in the field of automation of business processes using a cloud platform. Salesforce can be customized according to business needs in two ways – by customizing and customizing according to customer requests. Salesforce administrators are responsible for performing various tasks for users, from developing reports and resetting passwords to maintaining data quality, adding fields and performing backups.