Эгерде терминдин кеңири маанисинде сабаттуулук бул сунушталган тилде окуу жана жазуу жөндөмү гана эмес, грамматиканын жана орфографиянын белгиленген нормаларына ылайык жаза билүү болсо, анда медиа сабаттуулук медианы түшүнүү жана талдоо жөндөмү болуп саналат. Маалыматтык сабаттуулук буга маалымат менен иштөө көндүмдөрүнүн жыйындысын кошот – аны берилген критерийлер боюнча классификациялоо, чогултуу, чыпкалоо, бир формадан экинчи түргө түрдүрүү, берилген параметрлерге ылайык көрсөтүү.
Медиа сабаттуулук жөнүндө билүү үчүн солго жылдыргыла
Интернет биздин жашообузду абдан жеңилдетет. Азыр, глобалдык тармакка кирүү менен, сиз кинолорду көрө аласыз, жаңы тааныштарды издеп, алар менен кат алышып, сизди кызыктырган бардык суроолорго жооп таба аласыз.
Интернеттин пайдалуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө билүү үчүн солго жылдыргыла
Бүгүнкү күндө кесиптер жана кесиптик компетенциялар өтө ыкчам өзгөрүп жатат. “Өмүр бою билим алуу” принциби буга чейин болуп көрбөгөндөй актуалдуу маселеге айланды. Эгерде мурда эмгек китепчесинде бир жумуш ордун көрсөтүү ийгилик катары бааланып келсе, азыр мындай көрсөткүч адам тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө даяр болбогонун ырастап турат.
Келечекте суроо-талапка жооп берген кесипти азыртадан баштап өздөштүрбөсөңүз, сиздин ордуңузга роботтор же жасалма интеллект келиши мүмкүн, ошол себептен келечекте жумушсуз калышыңыз ыктымал.
1-июль, саат 10:00 “Келечектин кесиптери” аталышындагы онлайн-вебинар болуп өттү. Вебинардын спикери – “Youth of Osh” коомдук бирикмесин программалык менеджери Азиза Маматкулова болду.
Ал жарандык билим берүү тармагында тажрыйбасы бар. Бул тармакта иштеген мезгилде Жарандык билим берүү, адам укуктарынын негиздери, демократия, укуктун үстөмдүгү, шайлоо процесси боюнча окуу модулдарын, программаларын иштеп чыгып, аларды жайылтуу, расмий эмес жана расмий билим берүү чөйрөсүнө киргизүү боюнча программаларда түздөн-түз иштеген.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн саны болжол менен 68 миңди түздү. Учурда алардын баары мазмундуу чечим алдында турат, башкача айтканда кайсы кесипти тандоо керек, анын актуалдуулугу кандай жана ал аркылуу өсүп-өнүгүү мүмкүнбү деген суроолор түйшөлтүп жатат. Мындай учурда Кыргыз Интернет Коому абитуринеттерге багыт берүү жана колдоо максатында онлайн-вебинар өткөрдү.
Вебинардын спикери – чоңдорду окутуу боюнча адис, жаштар менен иштөө боюнча адис, тренер Ажара Камалиева болду. Ал билим берүү долбоорлорунда жаштар менен формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү системасында 10 жылдан ашык иштеген, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдар чөйрөсүндө ийгиликтүү долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу боюнча 7 жылдык тажрыйбасы бар. Өз ишинде жаштарга окутуу программаларын иштеп чыгууда интерактивдүү методдорду колдонуу менен окутуу теориясын колдонот.
Онлайн-вебинарга өлкөнүн бардык булуң-бурчунан абитуриенттер, мугалимдер жана ата-энелер катыша алышты. Негизги эфир Зум платформасында өтүп, ал эми Фейсбук жана Ютуб аркылуу түз чагылдырылып турду.
1-июль, саат 10:00 “Келечектин кесиптери” аталышындагы онлайн-вебинар өтөт. Бүгүнкү күндө кесиптер жана кесиптик компетенциялар өтө ыкчам өзгөрүп жатат. “Өмүр бою билим алуу” принциби буга чейин болуп көрбөгөндөй актуалдуу маселеге айланды. Эгерде мурда эмгек китепчесинде бир жумуш ордун көрсөтүү ийгилик катары бааланып келсе, азыр мындай көрсөткүч адам тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө даяр болбогонун ырастап турат.
Келечекте суроо-талапка жооп берген кесипти азыртадан баштап өздөштүрбөсөңүз, сиздин ордуңузга роботтор же жасалма интеллект келиши мүмкүн, ошол себептен келечекте жумушсуз калышыңыз ыктымал. Вебинардын спикери – “Youth of Osh” коомдук бирикмесин программалык менеджери Азиза Маматкулова болот.
Ал жарандык билим берүү тармагында тажрыйбасы бар. Бул тармакта иштеген мезгилде Жарандык билим берүү, адам укуктарынын негиздери, демократия, укуктун үстөмдүгү, шайлоо процесси боюнча окуу модулдарын, программаларын иштеп чыгып, аларды жайылтуу, расмий эмес жана расмий билим берүү чөйрөсүнө киргизүү боюнча программаларда түздөн-түз иштеген. Эксперт 2003-жылдан баштап жаштар жана чоңдор үчүн тренингдерди өткөрүү тажрыйбасына ээ. 2020-жылдан баштап программанын менеджери болуп саналат, анда ишмердиктин алкагында жаштарды кесипке багыттоого жана муундар ортосунда диалог түзүүгө багытталган “жаштарды өзүн-өзү таануу жана жеке өнүктүрүү” методикасын иштеп чыгуу, жайылтуу жана масштабдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул ыкма натыйжалуу байланыш ыкмаларын жана башка жумшак көндүмдөрдү колдонуу практикасын үйрөтүү аркылуу жаштардын жана чоңдордун коммуникативдик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган.
Онлайн-вебинерга өлкөнүн бардык булуң-бурчунан абитуриенттер, мугалимдер жана ата-энелер катыша алат. Негизги эфир Зум платформасында өтөт, ал эми Фейсбук жана Ютуб аркылуу түз чагылдырылып турат.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн саны болжол менен 68 миңди түздү. Учурда алардын баары мазмундуу чечим алдында турат, башкача айтканда кайсы кесипти тандоо керек, анын актуалдуулугу кандай жана ал аркылуу өсүп-өнүгүү мүмкүнбү деген суроолор түйшөлтүп жатат. Мындай учурда Кыргыз Интернет Коому абитуринеттерге багыт берүү жана колдоо максатында онлайн-вебинар уюштуруп жатат.
Вебинардын спикери – чоңдорду окутуу боюнча адис, жаштар менен иштөө боюнча адис, тренер Ажара Камалиева. Ал билим берүү долбоорлорунда жаштар менен формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү системасында 10 жылдан ашык иштеген, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдар чөйрөсүндө ийгиликтүү долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу боюнча 7 жылдык тажрыйбасы бар. Өз ишинде жаштарга окутуу программаларын иштеп чыгууда интерактивдүү методдорду колдонуу менен окутуу теориясын колдонот.
Онлайн-вебинерга өлкөнүн бардык булуң-бурчунан абитуриенттер, мугалимдер жана ата-энелер катыша алат. Негизги эфир Зум платформасында өтөт, ал эми Фейсбук жана Ютуб аркылуу түз чагылдырылып турат.
Онлайн Форум: Балдарды интернетте коргоо жана колдоо
1-июнь “Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө» карата «Балдарды интернетте колдоо жана коргоо» деген аталышта масштабдуу онлайн-форум өттү. Аны Кыргыз Интернет коому менен «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду биргеликте уюштурду. Форумда эл аралык жана жергиликтүү кесипкөй адистер өз баяндамаларды жасап, өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Интернет айдыңында балдар кандай коркунучтарга же терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн, жеке маалыматтарды кантип коргоо керек, мындай учурга туш болгон балдардын психологиялык абалы жана аларга жардам берүү, реалдуу жана виртуалдык байланыштын балансын кантип сактаса болот деген суроолорго жооптор айтылып, башка өлкөлөр бул багытта кандай ыкмаларды колдонору белгиленди.
«Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун директору Догдургүл Кендирбаева өз сөзүндө буларга токтоктолду:
«Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион болсо, алар колдонгон гаджеттердин саны 9 миллион. Аларды арасында болгону 15% гана жарандар өнүктүрүүчү, билим алуучу контент көрсө, калган 85 % керексиз, утурумдук кызыкчылыктуу маалыматтарды көрөт экен», -деди.
Ал эми «Санарип Тазалык» долбоорунун жетекчиси Нурбек Арзымбаев Кыргызстанда балдарды интернетте коргоо багытында маалыматтар абдан аз экенин айтып, өз иликтөөсү менен бөлүштү:
«Биз Кыргызстандын аймагындагы 500 сайтка изилдөө жүргүздүк. Ошонун арасынан бир гана сайт балдардын жеке маалыматтарын интернетте коргоо тууралуу маалымат менен камсыз экен. Калган 499 сайттан андай маалымат таба алган жокпуз».
Ошондой эле форумга балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адис, педагог Элиза Темирбекова, Америкадан байланышка чыккан IT адиси Бакыт Абдишев, Япониядан KG Analytics интеллектуалдык коомдун санарип аткаруучу жетекчиси, Онлайн методист, педагогиялык дизайн жана электрондук окуу боюнча адиси, “Мугалим” платформасындагы квалификация жана компетенция жогорулатуу үчүн курстардын автору, Монтессори – педагог, СТЕМ Амбассадор Сымбат Сатыбалдиева, aha.kg өзүн өнүктүрүү боюнча мектебинин негиздөөчүсү Айгүл Догдурова, «Санарип Тазалык» долбоорунун эксперти Айпери Бозоева жана «Санарип Инсан» жана «ilimbox» долбоорунун кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча менеджери Ажыбек Нурлановдор катышып, ар бири балдар коргоо жана колдоо багытындагы долбоорлор, жеке тажрыйбалар, баалуу кеңештер менен бөлүштү.
Форумдун жыйынтыгында Балдарды эрте курактар өнүктүрүү боюнча адис, Евросоюздун «Санарип инсан» долбоорунун медиа-эксперти Сапаргүл Абдинабиева бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, 1-июнь «Балдарды коргоонун эл аралык күнү» менен бардык катышуучуларды куттуктады.
Онлайн-форум Zoom платформасы аркылуу өтүп, Ютуб жана Фейсбук аркылуу түз трансляция болду. Аны Кыргызстандын бардык булуң-бурчунунан жалпы 300дөй жаран, анын ичинде ата-энелер, балдар, мигранттар, педагог же мугалимдер жана жаштар көрүп, активдүү суроо узатышты.
Онлайн-форумдун аягында интерактивүү оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө тренингдерге чакыруу жана кызыктуу китептер белекке берилди.
1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Балдарды интернетте коргоо жана колдоо» деген аталышта масштабдуу онлайн-форум өткөрөт. Аны Кыргыз Интернет коому менен «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду биргеликте уюштурууда. Форумда эл аралык жана жергиликтүү кесипкөй адистер өз баяндамалары менен бөлүшүп, интернет айдыңында балдар кандай коркунучтарга же терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн,же тескерисинче сапаттуу маалыматтарды кайдан таба алат, жеке маалыматтарды кантип коргоо керек, мындай учурга туш болгон балдардын психологиялык абалы жана аларга жардам берүү, реалдуу жана виртуалдык байланыштын балансын кантип сактаса болот деген сыяктуу көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды айтып беришет.
Форум Zoom платформасы аркылуу өтүп, Ютуб жана Фейсбук аркылуу түз трансляция болот. Ага Кыргызстандын бардык булуң-бурчунунан жарандар, анын ичинде ата-энелер, балдар, мигранттар, педагог же мугалимдер жана жаштар катышып, суроо узата алышат.
Уюштуруучулар: Кыргыз Интернет Коому жана «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду
Алып баруучу: Талант Султанов жана Сапаргүл Абдинабиева
Ачылышы. Саламдашуу сөз
Кыргыз Интернет Коомунун төрагасы, Талант Султанов
Балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адис, “Санарип Инсан” долбоорунун медиа-эксперти Сапаргүл Абдинабиева
Баяндамалар
Наталья Мочу, КМШ региону боюнча ITU аймактык директору
Догдуркул Кендирбаева, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору
Элиза Темирбекова, балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адис, педагог, эки баланын энеси
Сымбат Сатыбалдиева, KG Analytics интеллектуалдык коомдун санарип аткаруучу жетекчиси, Онлайн методист, педагогиялык дизайн жана электрондук окуу боюнча адиси, “Мугалим” платформасындагы квалификация жана компетенция жогорулатуу үчүн курстардын автору, Монтессори – педагог, СТЕМ Амбассадор
Бакыт Абдишев, IT адиси, эки баланын атасы
Айгүл Догдурова, aha.kg өзүн өнүктүрүү боюнча мектебинин негиздөөчүсү
Нурбек Арзымбаев жана Айпери Бозоева «Санарип Тазалык» долбоорунун жетекчиси жана эксперти
Ажыбек Нурланов, «Санарип Инсан» жана «ilimbox» долбоорунун кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча менеджери
Интерактивдүү оюндар жана белектер. Талкулоо жана жыйынтыктоо.
Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар?
17-май Бүткүл дүйнөлүк электрондук байланыш жана маалыматтуу коом күнү жана 9-май “Европа күнүнүн”урматына Бишкекте «Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар?» деген аталышты вебинар өттү. Аны Кыргыз Интернет коому уюштурду. Вебинарда Евробиримдик каржылаган Кыргызстандагы бир нече долбоордун жетекчилери катышып, айыл-аймактардагы жаштарга, кыз-келиндерге жана мигранттарга маалыматтык-технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана гранттык колдоолор тууралуу маалымат берди.
Вебинардын ачылышын сөзүн Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн биринчи кеңешчиси, Кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Ханс Фарнхаммер сүйлөдү.
«Санариптешүүдө Кыргызстан абдан чоң кадам таштады. Менин оюмча өнүгүү абдан катуу ылдамдыкта жүрүп жатат жана ал бардык тармактарды камтып жатат: алардын ичинде билим берүү, тейлөө тармактары бар. Аларды дагы масштабдуу өнүктүрүү үчүн бизге санариптик көндүмдөрдү терең үйрөнүү талап кылынат. Мен жарандык коом менен биргеликте ушул көндүмдөрдү сиздерге сунуштап жатканыбызга абдан кубанам. Бул ар бирибизге баа жеткис мүмкүнчүлүк», – деди Ханс Фарнхаммер
Европа Коңшулук Кеңешинин (ENC) Кыргыз Республикасындагы “Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү” (Санарип Инсан) долбоорунун координатору Ксения Тышкевич «Санарип инсан» долбоорунун мазмунуна токтолду:
«Жөнөкөй тил менен айтканда, океандын ары жагында же Кыргызстандын алыскы бир аймагында жашаган жаш ишкер өзүнүн продукциясын интернет аркылуу сатып, рекламалап же болбосо глобалдык маалымат агымынан жаңы идеяларды өзүнө алса жана ага ушундай мүмкүнчүлүк түзүлсө дейбиз. Бул логикага таянып Евросоюздун колдоосу менен «Санарип Инсан» долбоору ишке ашып жатат».
Ал эми Илим, технология жана инновациялар бөлүмү, ICTP – Эл аралык теориялык физика борбору, Escuela Latinoamericana de Redes (EsLaRed) Фондунун президенти Профессор Эрманно Пиетросемоли жана Nothing2Hide компаниясынын негиздөөчүсүнун бири, башкы директору Грегуар Пуже да вебинарда сөз сүйлөп, буларды белгилешти:
«Интернеттин пайдалуу жактарын баарыбыз билебиз, бирок ал кээде терс таасир да этиши мүмкүн. Ал эми биздин эл аралык биргелешкен Санарип Тазалык долбоорубуз жергиликтүү журналисттерге жана активисттерге жардам берет жана аларды коргоого жардам берет»
Вебинардын калган бөлүгүндө Европа биримдиги тарабынан каржыланган бир нече долбоорлордун жетекчилери баяндама жасады. Европа Биримдигинин DigiKonush долбоорунун координатору, Лидер коомдук фондунун жетекчиси Банур Абдиева, Жаш Табышкер долбоорунун жетекчиси, «Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова, Европа Биримдигинин «Санарип Инсан» долбоорунун медиа эксперти Сапаргүл Абдинабиева жана «Санарип Тазалык» долбоорунун жетекчиси Нурбек Арзымбаев өз долбоорлору, максаттары жана ишке ашуу жолдору тууралуу ой бөлүштү.
Онлайн-маектешүүнүн аягында «Кыргыз Интернет коомунун» төрагасы Талант Султанов жыйынтыктап, кызматташуу аркылуу максаттарга жетүүнүн маанисин айтып, катышуучуларга терең ыраазычылык билдирди.
«Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар?» вебинаранын максаты, региондордогу тургундарды, өзгөчө алыска айыл-аймактардагы жаштар, кыз-келиндер жана мигранттарды окууга жана технологиялык билим алууга шыктандыруу жана гранттык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү. Негизги эфир Zoom платформасы аркылуу өтсө, ал “Кыргыз Интернет коомунун» Ютубдагы жана Фейсбуктагы расмий баракчаларынын түз чагылдырылып турду. Ага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан 200дөй адам катышты.