Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар? 

   Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар? 

17-май Бүткүл дүйнөлүк электрондук байланыш жана маалыматтуу коом күнү жана 9-май “Европа күнүнүн”урматына Бишкекте «Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар?» деген аталышты вебинар өттү. Аны Кыргыз Интернет коому уюштурду. Вебинарда Евробиримдик каржылаган Кыргызстандагы бир нече долбоордун жетекчилери катышып, айыл-аймактардагы жаштарга, кыз-келиндерге жана мигранттарга маалыматтык-технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана гранттык колдоолор тууралуу маалымат берди.

Вебинардын ачылышын сөзүн Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн биринчи кеңешчиси, Кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Ханс Фарнхаммер сүйлөдү.

«Санариптешүүдө Кыргызстан абдан чоң кадам таштады. Менин оюмча өнүгүү абдан катуу ылдамдыкта жүрүп жатат жана ал бардык тармактарды камтып жатат: алардын ичинде билим берүү, тейлөө тармактары бар. Аларды дагы масштабдуу өнүктүрүү үчүн бизге санариптик көндүмдөрдү терең үйрөнүү талап кылынат. Мен жарандык коом менен биргеликте ушул көндүмдөрдү сиздерге сунуштап жатканыбызга абдан кубанам. Бул ар бирибизге баа жеткис мүмкүнчүлүк», – деди Ханс Фарнхаммер

Европа Коңшулук Кеңешинин (ENC) Кыргыз Республикасындагы “Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү” (Санарип Инсан) долбоорунун координатору Ксения Тышкевич «Санарип инсан» долбоорунун мазмунуна токтолду:

«Жөнөкөй тил менен айтканда, океандын ары жагында же Кыргызстандын алыскы бир аймагында жашаган жаш ишкер өзүнүн продукциясын интернет аркылуу сатып, рекламалап же болбосо глобалдык маалымат агымынан жаңы идеяларды өзүнө алса жана ага ушундай мүмкүнчүлүк түзүлсө дейбиз. Бул логикага таянып Евросоюздун колдоосу менен «Санарип Инсан» долбоору ишке ашып жатат».

Ал эми Илим, технология жана инновациялар бөлүмү, ICTP – Эл аралык теориялык физика борбору, Escuela Latinoamericana de Redes (EsLaRed) Фондунун президенти Профессор Эрманно Пиетросемоли жана Nothing2Hide компаниясынын негиздөөчүсүнун бири, башкы директору Грегуар Пуже да вебинарда сөз сүйлөп, буларды белгилешти:

«Интернеттин пайдалуу жактарын баарыбыз билебиз, бирок ал кээде терс таасир да этиши мүмкүн. Ал эми биздин эл аралык биргелешкен Санарип Тазалык долбоорубуз жергиликтүү журналисттерге жана активисттерге жардам берет жана аларды коргоого жардам берет»

Вебинардын калган бөлүгүндө Европа биримдиги тарабынан каржыланган бир нече долбоорлордун жетекчилери баяндама жасады. Европа Биримдигинин DigiKonush долбоорунун координатору, Лидер коомдук фондунун жетекчиси Банур Абдиева, Жаш Табышкер долбоорунун жетекчиси, «Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова, Европа Биримдигинин «Санарип Инсан» долбоорунун медиа эксперти Сапаргүл Абдинабиева жана «Санарип Тазалык» долбоорунун жетекчиси Нурбек Арзымбаев өз долбоорлору, максаттары жана ишке ашуу жолдору тууралуу ой бөлүштү.

Онлайн-маектешүүнүн аягында «Кыргыз Интернет коомунун» төрагасы Талант Султанов жыйынтыктап, кызматташуу аркылуу максаттарга жетүүнүн маанисин айтып, катышуучуларга терең ыраазычылык билдирди.

«Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар?» вебинаранын максаты, региондордогу тургундарды, өзгөчө алыска айыл-аймактардагы жаштар, кыз-келиндер жана мигранттарды окууга жана технологиялык билим алууга шыктандыруу жана гранттык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү. Негизги эфир Zoom платформасы аркылуу өтсө, ал “Кыргыз Интернет коомунун» Ютубдагы жана Фейсбуктагы расмий баракчаларынын түз чагылдырылып турду.  Ага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан 200дөй адам катышты.