Санарип Инсан

“Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмүнүн” расмий баракчасында «Санарип Инсан» долбоорунун ишке ашуу процесси төмөнкү пункттар боюнча ишке ашат.

Санарип Инсан долбоору- жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы долбоор. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат. Долбоорду Евробиримдиктин колдоосу менен European Neighborhood Council жана Интернет коомдун Кыргыз болүмү ишке ашырууда.

Санарип Инсан долбоору иштеп чыккан окутуу материалдары

"Санарип сабаттуулук" курсу

Кыргыз тилиндеги бул заманбап курс сизге башкалар менен кызматташуу жана маалыматты табуу, колдонуу жана түзүү үчүн түзмөктөрдү, программалык камсыздоону жана Интернетти колдонуу үчүн санариптик сабаттуулукка кантип ээ болуу керектигин үйрөтөт.

Мобилдик Интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү курс

Кыргыз Республикасындагы жарандарын заманбап билим менен камсыздоо, санариптик көндүмдөргө үйрөтүү аркылуу алардын иштөө, окуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Санарип Инсан” долбоору Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен кызматташтыктын негизинде GSMA MISTT аталышындагы атайын окутуулар сериясын даярдады.

Бул окутуулар сериясы өлкөдөгү бардык жарандарга жеткиликтүү тилде болуп, мобилдик телефондун ичиндеги көптөр билбеген толгон-токой маалыматтарды, интернет аркылуу дүйнө менен натыйжалуу баарлашууну, ар кандай платформалардын кеңири функцияларын, бул инструменттерди өзүнүн пайдасына иштетүүнү жана ал аркылуу миңдеген мүмкүнчүлүктөргө ээ болууну камсыздайт.

Санариптешкен Туризм

Санарип Инсан долбоорунун дагы бир арыкчылыктуу багыттарынан бири «Санариптик көндүмдөр, түрдүү платформалар жана тиркемелер аркылуу Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатуу болуп эмептелет. Ага ылайык, Санарип Инсан долбоору региондогу тургундарды санариптик көндүмдөрдү үйрөткөн телеберүү жана мультимедиалык видео материалдар сериясын иштеп чыкты. жөнөкөй жарандарга эл аралык жана локалдык санариптик платформаларды, тиркемелерди, социалдык медиаларды колдонуу аркылуу өз айыл-аймактарына кантип туристтерди чакырса болорун, ал аркылуу кантип киреше табарын үйрөтөт. Бул өз кезегинде, Кыргызстандагы жалпы туристтик потенциалды жогорулатып, туристтердин агымын күчөтөт.

Python программалоо тили

Python программалоо тили боюнча видео сабактар – ийкемдүү жана күчтүү программалоо тилин өздөштүрүүнү сунуштайт. Курс Pythonдун негиздерин үйрөнүүнү жана программалоо жөндөмүн өнүктүрүүнү каалаган жарандар үчүн иштелип чыккан. Бул видеосабактар ​​сизге Python программалоо тилин оңой жана ишенимдүү үйрөнүүгө жардам берет.

Санарип Инсан Стартап конкурсу

2023-жылдын 10-ноябрында Инновация борборунда жалпы байге фонду 27 500 евро же 2.6 млн сом болгон «Санарип Инсан» стартап долбоорлор сынагынын финалы өттү.

«Санарип Инсан» стартап долбоорунун сынагы: «Жаштар, өзгөчө жаш аялдар, капиталдаштырылбаган бизнес долбоорлорду түзүү үчүн алдыңкы санариптик билимдерди жана көндүмдөрдү колдонууга мүмкүнчүлүк берүү» темасында өткөрүлөт жана анын максаты, анын ичинде социалдык-экономикалык жактан таасир этүүчү туруктуу бизнес моделдерин өнүктүрүү жана колдоо, кичи шаарлардын, айыл-кыштактардын калкынын, дыйкандардын турмушу.

18-35 жаштагы кыргызстандыктар 4 багыт боюнча өз идеяларын жөнөтө алышат:

  • IT чечимдери;
  • билим берүү;
  • электрондук бизнес;
  • жасалма интеллект.

Биринчи этапта жалпысынан 164 форма түшкөн, анын ичинен 115 и аялдар. Сынактын экинчи этабына 22, финалга 18 стартап долбоор өттү . Финалга өткөн 18 стартап долбоорунун 16 оффлайн форматта, ал эми 2 команда алыскы Баткен облусунан онлайн форматта катышып, стартап долбоорлорун жакташты.

Калыстар тобунун мүчөлөрү мыкты 8 стартап долбоорду аныктап, жеңүүчүлөргө финансылык колдоо көрсөтүүгө сертификаттар ыйгарылды. 1- орунду “ Salym.AI- акылдуу салык ассистенти” стартап долбоору 400 000 сом, ал эми акыркы 8-орунду “Кыргыз Боёк” стартап долбоору 150 000 сом акчалай сыйлык жеңип алышты. Сертификаттарды ыйгаруу аземине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Супаналиев Бекжан Төрөбаевич, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Чаначев Улан Белекович жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Омельченко Клим Сергеевич катышып, санариптешүү доорунда “Санарип Инсан” долбоорунун өзгөчө аймактардагы жаштар, айымдардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуудагы кошкон салымын баса белгилешти.

Санарип Инсан долбоору уюштурган окутуулар

Санарип Инсан долбоору аймактагы окутууларынын экинчи айлампасын өткөрүүдө. Бул ирет электрондук коммерция тууралуу тренингдер Кыргызстандын калкы жыш жайгашкан 12 аймагында уюштурулуп жатат. Социалдык тармактар аркылуу алдын-ала каттоолор жүрүп, ага негизинен каалоочу жаштар, кыз-келиндер, ишкерлер катышууда.

“Санарип Инсан” долбоорунун Электрондук коммерция боюнча тренинги Бишкек шаарында

Previous Next “Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутууларынын экинчи айлампасы 14-апрель күнү Бишкек шаарында уланды. Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда.

Read More »

“Санарип Инсан” долбоорунун Электрондук коммерция боюнча тренинги Кара-Балта шаарында

Previous Next “Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутууларынын экинчи айлампасы 13-апрель күнү Кара-Балта шаарында уланды. Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда.

Read More »

Санарип Инсан долбоору Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу менен «Келечек» жаштар платформасынын алкагында «Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду (She Starts)» коомдук бирикмеси менен биргеликте аймактагы окутууларынын биринчи айлампасын өткөрдү. Санариптешкен Туризм тууралуу тренингдер Кыргызстандын калкы жыш жайгашкан 10 аймагында уюштурулду. Социалдык тармактар аркылуу алдын-ала каттоолор жүрүп, ага негизинен каалоочу жаштар, кыз-келиндер, ишкерлер катышты.

Окутуулар 2 күнгө созулуп, анын жүрүшүндө жаштар жана аялдар өздөрүнүн негизги санариптик көндүмдөрүн жана санарип туристик платформаларда иштөө боюнча MISTT (Mobile Internet Skills Training Toolkit) методологиясына ылайык билимдерин жогорулатышты жана Instagram, Tik Tok, Facebook, Google сыяктуу социалдык тармактарды бизнесте эффективдүү колдонуу; My Business, Whatsapp мессенджерлерин, Telegram, Google.com жана 2GIS карталарын, ошондой эле Booking.com, AirBnB, Expedia, Agoda, Bronevik.com сыяктуу бөлмө ээлөө платформаларына кантип катталууну жана колдонууну, TripAdvisor.com сыяктуу сайттарды карап чыгуу Shelter PMS, Edelweiss, Fidelio жана WebPMS Travelline мейманкананы башкарууну автоматташтыруу сыяктуу системаларын үйрөнүштү. Окутуулардын жыйынтыгында ар бир катышуучуга сертификаттар ыйгарылды.

Санарип Инсан долбоору уюштурган вебинарлар

«Санарип Инсан» долбоорунун вебинарлар сериясында тажрыйбалуу жана өзүнүн басып өткөн жолу менен жаштарды, кыз-келиндерди, студенттерди, мигранттарды жана алыскы аймактарда жашаган жарандарды шыктандырган жергиликтүү жана эл аралык эксперттер өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Вебинарларда санариптик көндүмдөргө байланыштуу теориялык жана практикалык маалыматтар айтылат. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан жарандар катышып, маалыматтык-технологиялардын артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу керектүү маалыматтарда уга алышат. Вебинарлар сериясы бир айда эки ирет уюшулууда.

Санарип Инсан подкасттар түрмөгү​

«Санарип Инсан» подкасттар заманбап технологиялар адамдардын жашоосун кандай өзгөрттү, алардын жашоосун жеңилдетип, убактыларын үнөмдөөгө жана учур талабына ылайык адис кылууга кандайча жардам берүүдө деген суроолорго жооп издеп, маалыматтык-технологиялар менен тыгыз иштеген санарип-инсандардын баскан жолу, бейнеси жана ийгиликтерин талкуулайт. Подкастта жаштарды, кыз-келиндерди жана алыскы аймакта жашаган тургундарды санариптик көндүмдөрдү үйрөнүүгө шыктандырып, реалдуу үлгүлөр аркылуу маалымат бөлүшүлөт.

Жалпыга маалымдоо каражаттары биз жөнүндө

Санарип Инсандын социалдык тармактардагы активдүүлүгү​

«Санарип Инсан» долбоору социалдык тармактарда да активдүү иш алып барууда. Фейсбук, Инстаграм, Твиттер баракчаларында «Санарип Инсан» долбоорунун ишке ашуу процесстериндеги урунттуу учурлар: атайын иш-чаралар, тренингдер, вебинарлар, подкасттар, расмий жолугушуулар тууралуу маалыматтар тиркелип турат. Андан сырткары, социалдык тармактын колдонуучулары үчүн маалыматтык-технологияларга байланыштуу керектүү маалыматтар, ишкердик жүргүзүүдө санариптик платформалар жана эң жөнөкөй санариптик сабаттуулуктун белгилери жөнүндө публикациялар жана тарыхчалар чыгып турат. Социалдык тармактар аркылуу кээде сурамжылоо, талкуулоо жүрүп же катталуучулар комментарий калтыруу аркылуу биздин долбоор менен аудиториябыз ортобузда тыгыз жана оперативдүү байланыш түзүлүүдө.

Маалымат каражаттары менен кызматташтык​

«Санарип Инсан» долбоору жергиликтүү жана дүйнөлүк Жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз иштешип келет. Анын жыйынтыгында, Кыргызстандагы негизги маалымат каржаттары аркылуу «Санарип Инсан» долбоорунун активдүү ишке ашуу процессиндеги маанилүү иш-чаралар, тренингдер, вебинарлар тууралуу жүзгө жакын жаңылык, макала-интервьюлар жана түз эфирдеги талкуулар уюшулуп келет. Алар аркылуу санарип доордогу Кыргызстан жана маалыматтык технология жараткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу жалпы жарандарга маалымат берилүүдө. Болжолдуу камтылган аудитория миллиондон ашык кишини түзөт.

Санарип Инсан долбоорунун командасы

European Neighborhood Council бөлүмү

Сэмюэл Довери Вестерби -
ENC уюмунун директору

Ксения Тышкевич -
долбоордун координатору

Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү

Талант Султанов -
долбоордун эксперти

Азиз Солтобаев -
долбоордун координатору

Бегайым Найманова - Административдик менеджер

Ажыбек Нурланов - кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча менеджер

Айгерим Тургунбаева -
Медиа эксперт

Алина Найзабекова -
социалдык тармактар боюнча менеджер