“Санарип Инсан” долбоорунун Электрондук коммерция боюнча тренинги Кара-Балта шаарында

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутууларынын экинчи айлампасы 13-апрель күнү Кара-Балта шаарында уланды.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электрондук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Кара-Балта шаарындагы тренингге жалпы 20дан ашык кыз-келиндер, жаштар катышты. Тренинг учурунда катышуучулар практика жүзүндө өз товарларын сүрөткө тартып, интернетке жайгаштырып, өз кардарларына сунуш кылышты. Окутуулардын соңунда катышуучулардын баары “Электрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.