Профессиялар атласы

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн саны болжол менен 68 миңди түздү. Учурда алардын баары мазмундуу чечим алдында турат, башкача айтканда кайсы кесипти тандоо керек, анын актуалдуулугу кандай жана ал аркылуу өсүп-өнүгүү мүмкүнбү деген суроолор түйшөлтүп жатат. Мындай учурда Кыргыз Интернет Коому абитуринеттерге багыт берүү жана колдоо максатында онлайн-вебинар өткөрдү.

Вебинардын спикери – чоңдорду окутуу боюнча адис, жаштар менен иштөө боюнча адис, тренер Ажара Камалиева болду.  Ал билим берүү долбоорлорунда жаштар менен формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү системасында 10 жылдан ашык иштеген, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдар чөйрөсүндө ийгиликтүү долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу боюнча 7 жылдык тажрыйбасы бар. Өз ишинде жаштарга окутуу программаларын иштеп чыгууда интерактивдүү методдорду колдонуу менен окутуу теориясын колдонот.

Онлайн-вебинарга өлкөнүн бардык булуң-бурчунан абитуриенттер, мугалимдер жана ата-энелер катыша алышты. Негизги эфир Зум платформасында өтүп, ал эми Фейсбук жана Ютуб аркылуу түз чагылдырылып турду.