Онлайн вебинар: «Келечектин кесиптери»

Онлайн вебинар: «Келечектин кесиптери»

Күнү: 1-июль

Сааты: 10:00 

Өтүү платформасы:  Zoom 

https://us06web.zoom.us/j/87006113545?pwd=NTR2bDR0T1QwOTFiNEhoN3BZQWs3dz09

Youtube: https://youtu.be/COiojiTeE-o
Facebook: https://fb.me/e/2CZEvVosi

1-июль, саат 10:00 “Келечектин кесиптери” аталышындагы онлайн-вебинар өтөт. Бүгүнкү күндө кесиптер жана кесиптик компетенциялар өтө ыкчам өзгөрүп жатат. “Өмүр бою билим алуу” принциби буга чейин болуп көрбөгөндөй актуалдуу маселеге айланды. Эгерде мурда эмгек китепчесинде бир жумуш ордун көрсөтүү ийгилик катары бааланып келсе, азыр мындай көрсөткүч адам тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө даяр болбогонун ырастап турат.

Келечекте суроо-талапка жооп берген кесипти азыртадан баштап өздөштүрбөсөңүз, сиздин ордуңузга роботтор же жасалма интеллект келиши мүмкүн, ошол себептен келечекте жумушсуз калышыңыз ыктымал. Вебинардын спикери – “Youth of Osh” коомдук бирикмесин программалык менеджери Азиза Маматкулова болот. 

Ал жарандык билим берүү тармагында тажрыйбасы бар.  Бул тармакта иштеген мезгилде Жарандык билим берүү, адам укуктарынын негиздери, демократия, укуктун үстөмдүгү, шайлоо процесси боюнча окуу модулдарын, программаларын иштеп чыгып, аларды жайылтуу, расмий эмес жана расмий билим берүү чөйрөсүнө киргизүү боюнча программаларда түздөн-түз иштеген.  Эксперт 2003-жылдан баштап жаштар жана чоңдор үчүн тренингдерди өткөрүү тажрыйбасына ээ. 2020-жылдан баштап программанын менеджери болуп саналат, анда ишмердиктин алкагында жаштарды кесипке багыттоого жана муундар ортосунда диалог түзүүгө багытталган “жаштарды өзүн-өзү таануу жана жеке өнүктүрүү” методикасын иштеп чыгуу, жайылтуу жана масштабдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул ыкма натыйжалуу байланыш ыкмаларын жана башка жумшак көндүмдөрдү колдонуу практикасын үйрөтүү аркылуу жаштардын жана чоңдордун коммуникативдик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган. 

Онлайн-вебинерга өлкөнүн бардык булуң-бурчунан абитуриенттер, мугалимдер жана ата-энелер катыша алат. Негизги эфир Зум платформасында өтөт, ал эми Фейсбук жана Ютуб аркылуу түз чагылдырылып турат.