Келечектин кесиптери

Келечектин кесиптери

Бүгүнкү күндө кесиптер жана кесиптик компетенциялар өтө ыкчам өзгөрүп жатат. “Өмүр бою билим алуу” принциби буга чейин болуп көрбөгөндөй актуалдуу маселеге айланды. Эгерде мурда эмгек китепчесинде бир жумуш ордун көрсөтүү ийгилик катары бааланып келсе, азыр мындай көрсөткүч адам тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө даяр болбогонун ырастап турат.

Келечекте суроо-талапка жооп берген кесипти азыртадан баштап өздөштүрбөсөңүз, сиздин ордуңузга роботтор же жасалма интеллект келиши мүмкүн, ошол себептен келечекте жумушсуз калышыңыз ыктымал.

1-июль, саат 10:00 “Келечектин кесиптери” аталышындагы онлайн-вебинар болуп өттү. Вебинардын спикери – “Youth of Osh” коомдук бирикмесин программалык менеджери Азиза Маматкулова болду. 

Ал жарандык билим берүү тармагында тажрыйбасы бар.  Бул тармакта иштеген мезгилде Жарандык билим берүү, адам укуктарынын негиздери, демократия, укуктун үстөмдүгү, шайлоо процесси боюнча окуу модулдарын, программаларын иштеп чыгып, аларды жайылтуу, расмий эмес жана расмий билим берүү чөйрөсүнө киргизүү боюнча программаларда түздөн-түз иштеген.  

<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/COiojiTeE-o” title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture” allowfullscreen></iframe>