Онлайн Форум: Балдарды интернетте коргоо жана колдоо

Онлайн Форум: Балдарды интернетте коргоо жана колдоо

1-июнь “Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө» карата «Балдарды интернетте колдоо жана коргоо» деген аталышта масштабдуу онлайн-форум өттү. Аны Кыргыз Интернет коому менен «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду биргеликте уюштурду. Форумда эл аралык жана жергиликтүү кесипкөй адистер өз баяндамаларды жасап, өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Интернет айдыңында балдар кандай коркунучтарга же терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн, жеке маалыматтарды кантип коргоо керек, мындай учурга туш болгон балдардын психологиялык абалы жана аларга жардам берүү, реалдуу жана виртуалдык байланыштын балансын кантип сактаса болот деген суроолорго жооптор айтылып, башка өлкөлөр бул багытта кандай ыкмаларды колдонору белгиленди.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун директору Догдургүл Кендирбаева өз сөзүндө буларга токтоктолду:

«Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион болсо, алар колдонгон гаджеттердин саны 9 миллион. Аларды арасында болгону 15% гана жарандар өнүктүрүүчү, билим алуучу контент көрсө, калган 85 % керексиз, утурумдук кызыкчылыктуу маалыматтарды көрөт экен», -деди.

Ал эми «Санарип Тазалык» долбоорунун жетекчиси Нурбек Арзымбаев Кыргызстанда балдарды интернетте коргоо багытында маалыматтар абдан аз экенин айтып, өз иликтөөсү менен бөлүштү:

«Биз Кыргызстандын аймагындагы 500 сайтка изилдөө жүргүздүк. Ошонун арасынан бир гана сайт балдардын жеке маалыматтарын интернетте коргоо тууралуу маалымат менен камсыз экен. Калган 499 сайттан андай маалымат таба алган жокпуз».

Ошондой эле форумга балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адис, педагог Элиза Темирбекова, Америкадан байланышка чыккан IT адиси Бакыт Абдишев, Япониядан KG Analytics интеллектуалдык коомдун санарип аткаруучу жетекчиси, Онлайн методист, педагогиялык дизайн жана электрондук окуу боюнча адиси, “Мугалим” платформасындагы  квалификация жана компетенция жогорулатуу үчүн курстардын автору, Монтессори – педагог, СТЕМ Амбассадор Сымбат Сатыбалдиева, aha.kg өзүн өнүктүрүү боюнча мектебинин негиздөөчүсү Айгүл Догдурова, «Санарип Тазалык» долбоорунун эксперти Айпери Бозоева жана «Санарип Инсан» жана «ilimbox» долбоорунун кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча менеджери Ажыбек Нурлановдор катышып, ар бири балдар коргоо жана колдоо багытындагы долбоорлор, жеке тажрыйбалар, баалуу кеңештер менен бөлүштү. 

Форумдун жыйынтыгында Балдарды эрте курактар өнүктүрүү боюнча адис, Евросоюздун «Санарип инсан» долбоорунун медиа-эксперти Сапаргүл Абдинабиева бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, 1-июнь «Балдарды коргоонун эл аралык күнү» менен бардык катышуучуларды куттуктады.

Онлайн-форум Zoom платформасы аркылуу өтүп, Ютуб жана Фейсбук аркылуу түз трансляция болду. Аны Кыргызстандын бардык булуң-бурчунунан  жалпы 300дөй жаран, анын ичинде ата-энелер, балдар, мигранттар, педагог же мугалимдер жана жаштар көрүп, активдүү суроо узатышты.

Онлайн-форумдун аягында интерактивүү оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө тренингдерге чакыруу жана кызыктуу китептер белекке берилди.