АЛА-ТОО 24 телеканалынын “Күндеми” берүүсүндө “Кыргыз Интернет Коому” конокто

АЛА-ТОО 24 телеканалынын “Күндеми” берүүсүндө “Кыргыз Интернет Коомунун” Санарип Инсан долбоорунун кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча менеджери Ажыбек Нурланов конокто болду.

1-июнь “Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө» карата өткөрүлгөн түз эфир учурунда «Балдарды интернетте колдоо жана коргоо» темасында ой бөлүшүп, интернет айдыңында балдар кандай коркунучтарга же терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн, жеке маалыматтарды кантип коргоо керек деген суроолордун айланасында маалымат берди. Ошондой эле, балдардын интернетти туура жана пайдалуу колдонуусуна багытталган “Кыргыз Интернет Коомунун“ Санарип Инсан жана Илимбокс долбоорлору тууралуу кенен түшүндүрмө берди.

<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/fku37PGqE-0″ title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture” allowfullscreen></iframe>