Кыргыз бийлигин санариптешүү багытында “Санарип Инсан” долбоору кандайча колдойт?

Кыргызстан соңку он жылдыкта санариптешүү жараянын активдүү жүргүзүп келет. 2018-жылы “Туруктуу Өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясы – 2040” кабыл алынган, анын алкагында санариптик мамлекетти куруу өлкөнүн келечеги үчүн эң маанилүү фактор экени аныкталган. Буга байланыштуу 2019-жылдан баштап “Санарип Кыргызстан” беш жылдык программасы ишке ашырыла баштаган. Ошондой эле 2019-жылдан баштап, эки жыл бою үзгүлтүксүз “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” жарыяланган.

Санариптешүү негизги багыт катары азкыркы президенттин тушунда дагы активдүү ишке ашууда. КРнын президенти Садыр Жапаров 2022-жылы 7-сентябрда “Санариптештирүү – бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы тренди. Кыргызстан башкаруу, экономика, билим берүү, социалдык чөйрө тармактарын жигердүү санариптештирүү процессинде турат” деп расмий билдирүү тараткан. 

Европа Биримдигинин каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан “Санарип  Инсан” долбоору өлкөнүн ар кандай топтогу тургундарын санариптик көндүмдөр менен камсыздап, экосистеманы жана тиешелүү чөйрөнү түзүү аркылуу мамлекеттин дараметин көтөрүүгө, ошондой эле жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүгө, ишкердикти өркүндөтүүгө, теңсиздикти кыскартууга, инклюзивдик, инновациялык, туруктуу экономикалык өнүгүүгө, жаңы жумушчу оорундарды түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттерине колдоо көрсөтүү болуп саналат. 

Анын алкагында долбоор тийиштүү институттарда, билим берүү мекемелеринде маалыматтыккоммуникативдик технологияга байланышкан инклюзивдик жана натыйжалуу жыйынтыктарды колдонуу аркылуу билим берүү системасын жаңылантууга, адистикти көтөрүүгө, инновациялык каражаттарды колдонуу менен алдыңкы тажрыйбаларды кеңири жайылтууга, ошондой эле элдин аялуу тобуна кирген жарандарга, өзгөчө жаш аялзатына, кыздарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, мигранттарга билим алууга, адистикке үйрөнүүгө бирдей мүмкүндүктү түзүүгө багытталган улуттук саясатка колдоо көрсөтөт. Анын алкагында “Санарип Инсан” долбоору КРнын Билим берүү жана Илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрилиги, ошондой эле, Санариптик өнүктүрүү министрилиги менен тыгыз кызматташууда.

2022-жылдын март айынан баштап ишке кирген “Санарип Инсан” долбоорунун башкы максаты, жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат.

Бул максаттарды ишке ашырууда “Санарип Инсан” долбоору жөнөкөй жарандарды окутуунун жана маалымат жайылтуунун түрдүү ыкмаларын колдонуп келет. Анын арасында, атайын региондогу тургундар үчүн жандуу тренингдер, заманбап технологиялар жана кесиптер тууралуу вебинарлар сериясы, алыскы аймактарда жаңырган радиолор аркылуу подкасттар сериясын жана эл аралык деңгээлде өтүлүп келе жаткан форумдарды уюштуруп келет.