“Санарип Инсан” долбоорунун Электрондук коммерция боюнча тренинги Ат-Башы айылында

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутуу кербени 16-март күнү Ат-Башы айылында болуп өттү.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электронлук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Ат-Башы айылындагы тренингге жалпы 15 кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Электрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Электрондук коммерция” боюнча окутууларды уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн Ат-Башы райондук китепканасына жана Борбордук Шайлоо Комиссиясынын “Жарандык Билим Берүү Борборлоруна” ыраазычылык билдиребиз.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.