“Санарип Инсан” долбоорунун Электрондук коммерция боюнча тренинги Нарын шаарында

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутуу кербени 15-март күнү Нарын шаарында уланды.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу өтүүдө. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электрондук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Нарын шаарындагы тренингге жалпы 20 дан ашык кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Элоктрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Электрондук коммерция” боюнча окутууларды уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн Нарын жаштар борборуна жана маалыматтык колдоо көрсөткөндүгү үчүн Нарын ТВга, @narynnews баракчасына ыраазычылык билдиребиз.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.