“Санарип Инсан” долбоорунун Электрондук коммерция боюнча тренинги Кочкор айылында

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутуу кербени 14-март күнү Кочкор районунда уланды.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электронлук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Кочкор районундагы тренингге жалпы 15 кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Элоктрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Электрондук коммерция” боюнча окутууларды уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн “Кочкор Демилгелүү Жаштар” коомдук бирикмесине ыраазычылык билдиребиз.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.