“Санарип Инсан” долбоорунун Электрондук коммерция боюнча тренинги Бөкөнбаев айылында

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутуу кербени 13-март күнү Бөкөнбаев айылында уланды.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электронлук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Бөкөнбаев айылындагы тренингге жалпы 30дан ашык кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Элоктрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Электрондук коммерция” боюнча окутууларды уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн Тоң районунун администрациясына, Бөкөнбаев айыл өкмөтүнө жана райондук китепкананын жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.