“Санарип Инсан” долбоорунун Электрондук коммерция боюнча тренинги Каракол шаарында

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутууларынын экинчи айлампасы 11-март күнү Каракол шаарында уланды.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электронлук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Караколдогу тренингге жалпы 20дан ашык кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Элоктрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Электрондук коммерция” боюнча окутууларды уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик Университетине, ошондой эле маалыматтык жактан колдоо көрсөткөнү үчүн Ысык-Көл ТВга ыраазычылык билдиребиз.

Бул долбоор Европа Биримдигинин финансылык каржылоосу менен ишке ашырылып жатат.