“Санарип Инсан” долбоорунун Электрондук коммерция боюнча тренинги Балыкчы шаарында

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутууларынын экинчи айлампасы 10-март күнү Балыкчы шаарынан башталды.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электронлук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Балыкчыдагы тренингге жалпы 20дан ашык кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Элоктрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Санарип инсан” долбоорунун тренингдерин уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы “Ордо” муниципалдык жаштар борборуна, ошондой эле маалыматтык жактан колдоо көрсөткөнү үчүн Балыкчы шаарынын мэриясына жана КР БШКнын “Жарандык жана санариптик билим берүү борборуна” ыраазычылык билдиребиз.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.