“Санарип Инсан” долбоорунун Электрондук коммерция боюнча тренинги Талас облусунда

Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутууларынын экинчи айлампасы 10-мартта Балыкчы шаарында башталып, Каракол шаары, Бөкөнбаев айылы, Кочкор району, Нарын шаары, Ат-Башы айылы сыяктуу 6 локацияда өткөрүлдү.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото
видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын
тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электрондук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

27-март күнү Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы тренингге жалпы 20дан ашык кыз-келиндер, жаштар катышты. Алар “Элeктрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.