Google Translate колдонмосун кыргызчалатуу ийгиликтүү ишке ашырылууда (маек)
27 декабрь 2011, 10:27
Баракелде – «Баракелде» Google Translate котормо кызматын кыргызчалатуу демилгечилери жана ишке ашыруучулары, «Айсок» коомдук фондунун кызматкери Төлөгөн Аматов жана долбоордун менеджери Атай Жунушев менен аталган долбоор тууралуу маек курду. Белгилей кетсек, «Баракелде» аталган долбоорго маалыматтык колдоо көрсөтүүдө.
- «Google Translate» кандайча иштейт жана анын кандай артыкчылыгы бар?
- Google Translate – бул акысыз онлайн котормо кызматы. Учурда кызмат 64 тилди колдойт. Анын иштөөсү машыналык, башкача айтканда, статистикалык котормонун негизинде иштейт.
Кыргыз тилинин жогоруда айтылган кызматта пайда болушу тилдин сакталышына жана өнүгүшүнө, ошондой эле интернеттеги кыргыз тилиндеги сегментинин өнүгүшүнө түрткү берет.
Кыргыз тилинде сүйлөгөндөр дүйнөлүк интернет желесинен көбүрөөк маалымат алып, анын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланышына шарт түзөт.
Башка тилдерде сүйлөгөн колдонуучулар кыргыз тилиндеги ресурстардан маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышат.
- Сиздерге «Google Translate» котормосуна кыргыз тилин киргизүү идеясы кандай келип калды, бир нерсени кыргызча которууда кыйынчылыктарга туш болгондо пайда болдубу?
- Мындай идея бир жылдан бери Кыргызстандын ИТ-ге жакын жана интеллигенциянын арасында болгон. Бир күнү негиздөөчүлөрдүн бири сүйлөшүп жатып, «ушул идеяны ишке ашырууга киришпейлиби» деп, биринчи кадам жасалган. Албетте, тексттерди же сөздөрдү кыргыз тилине которуу мажбурлук болгон үчүн да калыптанган.
- Долбоорду ишке ашырууда кандай кыйынчылыктар болууда?
- Чын айтканда, биздин долбоор азыр аягына чыга элек, ошол себептен долбоорду иштетүүдө кандай кыйынчылыктар бар деп суроону өзгөртсөк тагыраак болот.
Ал эми кыйынчылыктар кийинкилер:
Акча каражаттары, анткени котормочулардын айлык маянасы, кеңсенин ижара акысы, жана башка уюштуруучулук чыгымдар
Долбоордун техникалык татаалдыгы, биз өзүбүз ИТ тарабындагы адистер эмеспиз
Краудсорсинг, бул термин долбоорго жардам бере ала турган интернет колдонуучуларды билдирет. Биздин коомдо интернетке кирүү аз болгондуктан, долбоорго салым жасай ала тургандар аз.
Бирок, бул көйгөйлөрдү биз чечип жатабыз, долбоор ийгиликтүү иштеп жатат.
– Буюрса 2012-жылдын башында ишке кирип калат деп максат кылып жатыптырсыңар, айтсаңыз, жалпы эле долбоорду ишке ашырууда которуудан сырткары, кандай иштер аткарылышы керек жана азыркы убакта алардын канча пайызы аткарылды?
- Кыргыз тилинин котормо кызматында пайда болушун Google Inc. чечет. Биз жактан болсо түгөй сөздөрүнүн базасын даярдап беребиз. «Google Translate» сервисине жаңы тилди киргизүү үчүн бир катар шарттар коюлат, алардын эң маанилүүсү – интернетте жарыш беттердин, б.а., кыргыз тилиндеги беттердин жана анын башка тилдеги бирдей котормосунун болушу.
- «Google Translate» кыргыз тилин кошуу үчүн Википедия интернет-энциклопедиясында кыргыз тилиндеги макалалар көп болушу керек, учурда 2 миңге гана жетет деп жатышат. Бул жагынан кандай иштер аткарылууда?
- Биринчиден, азыркы маалда Википедия сайтында кыргыз тилинде макалалар 5 миңге жакындап калды. Биздин долбоорлор эки бөлөк, бирок алар менен биз кызматташабыз. Албетте, Википедиядагы макалалардын, өзгөчө кыргызча-англисче которулгандарынын саны көбөйгөнү бизге дагы жакшы, анткени Google Translate Википедиянын негизинде өзүнүн котормо базасын толуктайт, ошонусу менен котормонун сапатын жогорулатат.
- Бул долбоорду өнүктүрүүгө каалоочулардын бардыгы жардам бере алат экен. Кантип салым кошо алышат?
- Enetil.kg сайтына англис жана кыргыз тилиндеги тексттерди жүктөп жана акча каражаттары менен жардам бере алышат.
Өз ойлоруңарды сунуш кылгыла, каалоо-тилектериңерди айткыла – биз кызыктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга ар дайым даярбыз.
Долбоорду «ISOC Кыргыз Интернет коому» коомдук фонду, ошондой эле ыктыярчылар жана тилектештер тобу ишке ашырууда. Долбоорго бардык каалоочулар краудсорсингдин негизинде салым кошо алышат.
Долбоордун командасы демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиргиси келет. Бул – долбоорго олуттуу каржылык жардам көрсөткөн расмий демөөрчү «Beeline» уюлдук байланыш оператору. Ошондой эле каржылык жардам көрсөткөнү үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигине, «Сорос-Кыргызстан» Фондуна рахмат айтабыз. Биздин портал үчүн хостинг бөлүп бергени үчүн Улуттук маалыматтык технологиялар борборуна ыраазычылык билдиребиз.
Долбоорго «Улуттук саясат жана биригүү концепциясын» жүзөгө ашыруунун алкагында колдоо көрсөткөн КР президентинин Аппаратына алкыш айткыбыз келет.
- «Google Translate кыргызча» кызматын шайма-шай телефондон да колдонсо болобу?
- Албетте, болот. Google Translate колдонмосун эми iPhone смартфонунун жана iPod Touch плеерлеринин ээлери да колдоно алышат.
Google компаниясы Google Translate програмынын iOS шайма-шай платформасы үчүн версиясын чыгарды. Бул тууралуу компаниянын блогунда айтылат. Буга чейин Phone жана iPod Touch түзмөктөрүнүн ээлери Translate сервисин браузер аркылуу гана колдоно алышчу.
Google шайма-шай котормочусу бир тилден башка тилге өзүнчө сөздөрдү да, бүтүндөй сүйлөмдөрдү да которо алат. Азыр программа 50дөн ашык тилди, анын ичинде орус тилин да колдойт. 15 тил үчүн добуштук которуу мүмкүндүгү бар. Үн киргизүү абалын иштетүү үчүн тексттик талаанын оң жагындагы микрофон тартылган сүрөтчөнү басыш керек.
Булак: Googlemobile.blogspot.com.
iPhone үчүн иштелип чыккан Google Translate которулган сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү айта да алат. Бул мүмкүнчүлүк 23 тил үчүн жеткиликтүү. Программанын башка дагы өзгөчөлүгү — которулган сүйлөмдү толук экрандуу абалда чагылдыруу мүмкүнчүлүгү. Бул чет өлкөлүк адамдан бир нерсе суроо зарыл болгондо ыңгайлуу болушу мүмкүн.
iOS үчүн иштелип чыккан Google Translateти App Store колдонмолор дүкөнүнөн акысыз жүктөп алса болот. Колдонмо iOS версиясы 3 жана андан жогору болгон iPhone смартфондорунда жана iPod Touch плеерлеринде иштейт.
Ошондой эле Android платформасы үчүн иштелип чыккан Google Translate колдонмосу да бар — ал 2010-жылдын январында чыгарылган. 2011-жылдын январында Google программага оозеки кепти которуу функциясын кошкон. iOS үчүн Google Translate версиясында азырынча мындай мүмкүнчүлүк жок.
Жакында биздин долбоор КИТ Форумда «Кыргызстандагы эң мыкты социалдык долбоор» номинациясынын жеңүүчүсү деп тандалды.
Булак : Баракелде















