Жобонун алдын ала жыйынтыктары боюнча түз эфир өттү

2024-жылдын 11-декабрында МанасТВ мамлекеттик телеканалында ISOC тренери Айпери Бозоева жана Кыргыз Республикасынын Цифрдык өнүктүрүү министрлигинин Цифрдык чечимдер башкармалыгынын башкы адиси Айчурок Бексултанованын катышуусунда түз эфир өттү.

 

Түз эфирдин жалпы узактыгы 40 мүнөт болду. Айпери жана Айчурок долбоорду ишке ашыруудагы жетишкендиктер жана кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. Бул долбоор Общественный фонд «Интернет Общество» тарабынан каржылык колдоо менен ишке ашырылууда. Айпери ошондой эле Интернет коомдуулугу деген эмне жана ал эмне менен алектенет, Кыргызстандын Интернет коомдуулугу кандай долбоорлорду ишке ашырды, тренингдердин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Айчурок министрлик жарандардын кайрылууларын кантип карап чыгары жана онлайн кызматтарга өтүү процессин, айрыкча өлкөнүн алыстаган аймактарында, кандайча жайылтып жатканы жөнүндө айтып берди. Ал акыркы бир жылда мамлекеттик кызматтарга болгон ишенимдин кыйла өскөнүн белгиледи. Мындан тышкары, жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугуна болгон күмөн саноолорун да айтып өттү. Ошондуктан өлкөдө, айрыкча аймактарда көп түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Телеканал өкүлдөрү Айпери жана Айчурокко абдан пайдалуу жана мазмундуу түз эфир үчүн ыраазычылык билдиришти.