Онлайн вебинар: “Электрондук коммерция жана lalafo сервиси”

Онлайн вебинар: “Электрондук коммерция жана lalafo сервиси”

Күнү: 28 июль

Сааты: 16:00 

Өтүү платформасы:  Zoom
https://us06web.zoom.us/j/86275922844?pwd=Rmw2bzlUcUR6eWt3MVNGSk1FaWY5Zz09

Youtube: https://youtu.be/h5zP7c19iho
Facebook: https://fb.me/e/5ybT4bmRX

Бүгүнкү күндө ар бирибиз компьютерлерибизден жана башка байланыш түйүндөрдөн, анын ичинде смартфондор, акылдуу сааттар жана санариптик жардамчылар аркылуу соода кыла алабыз.

Электрондук коммерция бизнестен керектөөчүгө жана бизнестен бизнеске сегменттеринде өнүгүп жатат. Эки учурда тең көпчүлүк компаниялардын максаты – кардарларга каалаган убакта, каалаган жерден, каалаган санариптик аппаратты колдонуу менен каалаган нерсесин сатып алууга мүмкүнчүлүк берүү.

Биз бүгүн электрондук коммерция кандай жана эртең кандай болот жана электрондук платформа ар бир адамга кандай мүмкүнчүлүктөрдү берери жөнүндө, ошондой эле Кыргызстандагы жеке жана бизнес жарнамаларды акысыз жана акы төлөнүүчү эң ири сайт – Lalafo жөнүндө вебинарда сүйлөшөбүз. 

Спикерлер:

  • Нурбек Омурбаев – lalafo Кыргызстандын медиа жарнама боюнча менеджери 
  • Фариза Чилмергенова – электрондук коммерция боюнча эксперт жана тренер

Онлайн вебинар: «Идеалдуу резюме жана кыялыңыздагы жумуш» 


Онлайн вебинар: «Идеалдуу резюме жана кыялыңыздагы жумуш» 

Күнү: 21-июль

Сааты: 16:00 

Өтүү платформасы:  Zoom
https://us06web.zoom.us/j/81255076673?pwd=d2dZa1VSN3c0aEEyYm5Sczd4UnNhZz09

Youtube: https://youtu.be/hu2HQ1Qecaw
Facebook: https://fb.me/e/2M5sbrynL

Кыялыңыздагы жумуш издеп жатканда, резюме негизги пункттардын бири. Жумуш берүүчү сиз көңүл  бурбаган кичинекей нерсеге илинип, ошонун айынан сиз чоң жумушту өткөрүп жиберишңиз мүмкүн. Ошентип, потенциалдуу жумуш берүүчү сиздин резюмеңизди жок дегенде четке какпашы үчүн, кантип резюме түзсө болот?

Бул тууралуу жана башка көп нерселер жөнүндө вебинарда сүйлөшөбүз. Спикер катары Панарбеков Султан – Beeline Кыргызстандын тышкы байланыштар жана социалдык өнөктөштүк боюнча адиси болмокчу. Султан жаштарды, инновацияларды, ишкердик духту, санариптик технологияларды жана калктын компьютердик сабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган социалдык долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенет жана буга чейин эл аралык Enactus жаштар уюмунда IT адиси болуп иштеген;

Ошондой эле спикерлер катары төмөнкү адистер дагы болот: 

  • Ажыбек Нурланов – «Санарип Инсан» жана «ilimbox» долбоорлорунун кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча менеджери;
  • Эркинай Таалайбекова – «Санарип Инсан» жана «Tech4Society» долбоорлорунун SMM адиси.

Маалыматтын ишенимдүүлүгү

Интернетте жарыяланган маалыматка ишенсе болобу?

Издөөнүн натыйжасында алынган маалыматтын ишенимдүүлүгүн көзөмөлдөө мүмкүн гана эмес, зарыл. Интернетте жазылгандардын баарына ишенүү өтө акылсыз жана аңкоолук болмок, анткени Интернет – бул эркин кирүү зонасы жана аны толтурууга ар бир адам катыша алат.

Интернеттеги маалыматтын ишенимдүүлүгү жөнүндө билүү үчүн солго жылдыргыла

Кыздар кылат

Жыл сайын 12 – июлда бардык балдар үчүн билим берүүнүн символу болуп калган Пакистандын укук коргоочусу Малала Юсуфзай аттуу – Малала күнү белгиленет.
Малала өз убагында кыздардын билимин колдоо үчүн өмүрү менен төлөп калай жаздаган.

Ал, дүйнө жүзүндөгү башка кыздар сыяктуу эле, туруктуулуктун символу жана теңтуштарына үлгү болуп саналат, анткени КЫЗДАР БАРДЫК НЕРСЕНИ ЖАСАЙ АЛАТ!

Онлайн вебинар: «SMM келечектин кесиби»

Онлайн вебинар: «SMM келечектин кесиби»

Күнү: 18-июль

Сааты: 16:00 

Өтүү платформасы:  Zoom 

https://us06web.zoom.us/j/83992136983?pwd=RDRPZ1RzekRXWk41K3JpUmpDeWVZUT09

Youtube: https://youtu.be/DFcq7Ukyww0
Facebook: https://fb.me/e/2E1SqDWNZ

18-июль, саат 16:00 “SMM келечектин кесиби” аталышындагы онлайн-вебинар өтөт. Заманбап жашоону интернеттин таасири жок элестетүү кыйын. Адамдар ал жерден ар кандай товарларды сатып алышат, кызматтарды заказ кылышат, баарлашышат, таанышышат жана жөн гана эс алышат. Ошондой эле, интернет көптөгөн ар кандай адистердин жумуш орду болуп калды. Блогдор, сайттар жана социалдык тармактар он миңдеген долларларды табууга болот жана акча табуунун жолдору көп. Күн сайын сайттардын саны көбөйүп, социалдык медианы колдонуучулардын саны көбөйүүдө. Мунун баары өнүктүрүү жана интернет-ресурстарды илгерилетүү менен байланышкан жаңы кесиптердин пайда алып келет. Вебинарда социалдык медиа маркетинги жөнүндө сөз болот.

Спикер катары “WE” Коомдук Фондунун негиздөөчүсү, IDEA CA медиакоординатору Камила Усманова.

Спикер төмөнкү маалымат менен бөлүшөт:

–          SMM адисинин кесибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө

–          SMM адиси болуу жөнүндө

–          SMM башка илгерилетүү ыкмаларынан караганда эмнеси жакшы?

–          Кесиптин келечеги жөнүндө

Онлайн-вебинерга өлкөнүн бардык булуң-бурчунан катыша алышат. Негизги эфир Зум платформасында өтөт, ал эми Фейсбук жана Ютуб аркылуу түз чагылдырылып турат. 

Медиа сабаттуулук деген эмне?

Эгерде терминдин кеңири маанисинде сабаттуулук бул сунушталган тилде окуу жана жазуу жөндөмү гана эмес, грамматиканын жана орфографиянын белгиленген нормаларына ылайык жаза билүү болсо, анда медиа сабаттуулук медианы түшүнүү жана талдоо жөндөмү болуп саналат. Маалыматтык сабаттуулук буга маалымат менен иштөө көндүмдөрүнүн жыйындысын кошот – аны берилген критерийлер боюнча классификациялоо, чогултуу, чыпкалоо, бир формадан экинчи түргө түрдүрүү, берилген параметрлерге ылайык көрсөтүү.

Медиа сабаттуулук жөнүндө билүү үчүн солго жылдыргыла

Интернет жашообузду жеңилдетүүгө кандай жардам берет?

Интернет биздин жашообузду абдан жеңилдетет. Азыр, глобалдык тармакка кирүү менен, сиз кинолорду көрө аласыз, жаңы тааныштарды издеп, алар менен кат алышып, сизди кызыктырган бардык суроолорго жооп таба аласыз.

Интернеттин пайдалуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө билүү үчүн солго жылдыргыла

Келечектин кесиптери

Келечектин кесиптери

Бүгүнкү күндө кесиптер жана кесиптик компетенциялар өтө ыкчам өзгөрүп жатат. “Өмүр бою билим алуу” принциби буга чейин болуп көрбөгөндөй актуалдуу маселеге айланды. Эгерде мурда эмгек китепчесинде бир жумуш ордун көрсөтүү ийгилик катары бааланып келсе, азыр мындай көрсөткүч адам тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө даяр болбогонун ырастап турат.

Келечекте суроо-талапка жооп берген кесипти азыртадан баштап өздөштүрбөсөңүз, сиздин ордуңузга роботтор же жасалма интеллект келиши мүмкүн, ошол себептен келечекте жумушсуз калышыңыз ыктымал.

1-июль, саат 10:00 “Келечектин кесиптери” аталышындагы онлайн-вебинар болуп өттү. Вебинардын спикери – “Youth of Osh” коомдук бирикмесин программалык менеджери Азиза Маматкулова болду. 

Ал жарандык билим берүү тармагында тажрыйбасы бар.  Бул тармакта иштеген мезгилде Жарандык билим берүү, адам укуктарынын негиздери, демократия, укуктун үстөмдүгү, шайлоо процесси боюнча окуу модулдарын, программаларын иштеп чыгып, аларды жайылтуу, расмий эмес жана расмий билим берүү чөйрөсүнө киргизүү боюнча программаларда түздөн-түз иштеген.  

<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/COiojiTeE-o” title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture” allowfullscreen></iframe>

Профессиялар атласы

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн саны болжол менен 68 миңди түздү. Учурда алардын баары мазмундуу чечим алдында турат, башкача айтканда кайсы кесипти тандоо керек, анын актуалдуулугу кандай жана ал аркылуу өсүп-өнүгүү мүмкүнбү деген суроолор түйшөлтүп жатат. Мындай учурда Кыргыз Интернет Коому абитуринеттерге багыт берүү жана колдоо максатында онлайн-вебинар өткөрдү.

Вебинардын спикери – чоңдорду окутуу боюнча адис, жаштар менен иштөө боюнча адис, тренер Ажара Камалиева болду.  Ал билим берүү долбоорлорунда жаштар менен формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү системасында 10 жылдан ашык иштеген, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдар чөйрөсүндө ийгиликтүү долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу боюнча 7 жылдык тажрыйбасы бар. Өз ишинде жаштарга окутуу программаларын иштеп чыгууда интерактивдүү методдорду колдонуу менен окутуу теориясын колдонот.

Онлайн-вебинарга өлкөнүн бардык булуң-бурчунан абитуриенттер, мугалимдер жана ата-энелер катыша алышты. Негизги эфир Зум платформасында өтүп, ал эми Фейсбук жана Ютуб аркылуу түз чагылдырылып турду.