Онлайн вебинар: “Электрондук коммерция жана lalafo сервиси”

Онлайн вебинар: “Электрондук коммерция жана lalafo сервиси”

Күнү: 28 июль

Сааты: 16:00 

Өтүү платформасы:  Zoom
https://us06web.zoom.us/j/86275922844?pwd=Rmw2bzlUcUR6eWt3MVNGSk1FaWY5Zz09

Youtube: https://youtu.be/h5zP7c19iho
Facebook: https://fb.me/e/5ybT4bmRX

Бүгүнкү күндө ар бирибиз компьютерлерибизден жана башка байланыш түйүндөрдөн, анын ичинде смартфондор, акылдуу сааттар жана санариптик жардамчылар аркылуу соода кыла алабыз.

Электрондук коммерция бизнестен керектөөчүгө жана бизнестен бизнеске сегменттеринде өнүгүп жатат. Эки учурда тең көпчүлүк компаниялардын максаты – кардарларга каалаган убакта, каалаган жерден, каалаган санариптик аппаратты колдонуу менен каалаган нерсесин сатып алууга мүмкүнчүлүк берүү.

Биз бүгүн электрондук коммерция кандай жана эртең кандай болот жана электрондук платформа ар бир адамга кандай мүмкүнчүлүктөрдү берери жөнүндө, ошондой эле Кыргызстандагы жеке жана бизнес жарнамаларды акысыз жана акы төлөнүүчү эң ири сайт – Lalafo жөнүндө вебинарда сүйлөшөбүз. 

Спикерлер:

  • Нурбек Омурбаев – lalafo Кыргызстандын медиа жарнама боюнча менеджери 
  • Фариза Чилмергенова – электрондук коммерция боюнча эксперт жана тренер