“Санарип Инсан” долбоорунун санарип туризм боюнча тренинги Кочкордо

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу менен «Келечек» жаштар платформасынын алкагында «Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү» бирикмеси “Европа Коңшулук Кеңеши” (ЕСК) менен биргеликте “Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү – “Санарип Инсан” долбоорун ишке ашырып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.

9-10-ноябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунуда “Жаштардын бирдей мүмкүнчүлүтөрүн жана туруктуулугун илгерилетүү” (Санарип Инсан) долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан эки күндүк тренингдери башталды.

Окутуулар 2 күнгө созулуп, анын жүрүшүндө жаштар жана аялдар өзүлөрүнүн негизги санариптик көндүмдөрүн жана санарип туристик платформаларда иштөө боюнча MISTT (Mobile Internet Skills Training Toolkit) методологиясына ылайык билимдерин жогорулатышат жана Instagram, Tik Tok, Facebook, Google сыяктуу социалдык тармактарды бизнесте эффективдүү колдонуу; My Business, Whatsapp мессенджерлерин, Telegram, Google.com жана 2GIS карталарын, ошондой эле Booking.com, AirBnB, Expedia, Agoda, Bronevik.com сыяктуу бөлмө ээлөө платформаларына кантип катталууну жана колдонууну, TripAdvisor.com сыяктуу сайттарды карап чыгуу Shelter PMS, Edelweiss, Fidelio жана WebPMS Travelline мейманкананы башкарууну автоматташтыруу сыяктуу системаларын үйрөнүштү.

Эки күндүк окутууга Кочкордун 20дан ашуун тургуну катышты, алардын арасында жаштар, аялдар жана ишкерлер болду. Эки күндүк окутуунун жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.

Санарип Инсан долбоору өлкөбүздүн алыскы аймактарында жашаган жаштардын, аялдардын, мигранттардын жана тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Айрыкча, ал социалдык медианын функциялары, санариптик платформаларды колдонуу, санариптик финансылык тиркемелер, онлайн соодадагы жана ишкердиктеги маалыматтык технологиялар, ошондой эле жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдору боюнча окутууну сунуштайт. Долбоорду Европа коңшулук Кеңеши жана Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырат.