“Санарип Инсан” долбоорунун тренингдери Талас облусунда

Талас облусу аймагы боюнча өлкөнүн 6%ын, туруктуу калкынын саны 267.4 миң адамды түзүп, эң чакан облус болуп саналат. Тоолордон тышкары Талас облусунда көптөгөн маданий кооз жерлер бар. Бул кыргыздардын обочо жашаган тарыхый аймагы. Бул жерде улуттук Манас баатырынын элеси, кеңири тарыхый Манас ордо комплексинде сакталат. Бул жерде Борбордук Азия аймагындагы эң ири хунндардын байыркы көмүлгөн жерлери да бар. Ал эми Совет доорунда курулган Киров суу сактагычы ошол мезгилдеги архитектуралык монументализмдин уникалдуу мисалы болуп саналат. Санарип туризм жана социалдык тармактарды ишкердикте туура колдонууну үйрөнүү менен жергиликтүү калк өз өлкөсүнөн чыкпастан жумуш менен камсыз болууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. “Санарип Инсан” долбоорунун окутуулары дал ушул, жаштардын жана кыз-келиндердин санарип сабаттулугун жогорулатуу менен экономикалык бакубаттулуугун жакшыртуу максатында Талас облусунда болду.

10-11-декабрь Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында жаштар жана аялдар үчүн «Негизги санариптик көндүмдөр жана санарип туристик платформаларда иштөө» боюнча билим берүү тренинги өттү. Окууга Талас облусунун ар кайсы райондорунан катышуучулар катталып, долбоор айылдык жаштардын, аялдардын жана мигранттардын иш менен камсыз болуу потенциалын жогорулатууга багытталган.

Бул окутууларда өлкөгө ылайыкташтырылган MISTT методологиясы колдонулууда. MISTT (Mobile Internet Skills Trainings Toolkit)методологиясы -бул мобилдик интернеттин негизги көндүмдөрүн үйрөтүүчү колдонмо.

Катышуучулар тренерлерибиздин жардамы менен  санариптик базалык билимдерди алышып, Instagram, TikTok, Facebook, Google My Business, Whatsapp жана Telegram мессенджерлери сыяктуу социалдык тармактарды ишкердикте колдонууну үйрөнүштү.

Бул иш-чара “Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү” Санарип Инсан долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Аны “Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду (She Starts)” коомдук бирикмеси аткарууда.

Эки күндүк тренингдин жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды. Талас облусундагы тренинг тууралуу аймактык телевидение “Talas TV”нын Youtube каналынан  көрө аласыздар.