“Санарип Инсан” долбоорунун тренингдери Ош облусунда

Качандыр бир кезде Ош Улуу Жибек жолундагы маанилүү аймак болуп, өлкөнүн батыш менен чыгышын байланыштырып келген. Жалпы Фергана өрөөнүндөгү ири шаар болуп саналган. Жибек менен шербеттер сатылып, төө-ат кербендеринин аягы тыйылчу эмес.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түштүк борбору байыркы ыйык жерлерди камтыган касиеттүү аймакка айланды. Ош шаары — калкынын саны боюнча Бишкектен кийинки экинчи орунда турат. 3000 жылдык тарыхы бар Ош шаары туристтердин сүймөнчүлүгүнө ээ. Санарип туризм жана социалдык тармактарды ишкердикте туура колдонууну үйрөнүү менен жергиликтүү калк өз өлкөсүнөн чыкпастан жумуш менен камсыз болууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. “Санарип Инсан” долбоорунун окутуулары дал ушул, жаштардын жана кыз-келиндердин санарип сабаттулугун жогорулатуу менен экономикалык бакубаттулуугун жакшыртуу максатында Ош облусунда болду.

19-20-январь күндөрү Ош шаарында жаштар жана аялдар үчүн «Негизги санариптик көндүмдөр жана санарип туристик платформаларда иштөө» боюнча билим берүү тренинги өттү. Окууга Ош облусунун ар кайсы райондорунан катышуучулар катталып, долбоор айылдык жаштардын, аялдардын жана мигранттардын иш менен камсыз болуу потенциалын жогорулатууга багытталган.

Бул окутууларда өлкөгө ылайыкташтырылган MISTT методологиясы колдонулууда. MISTT (Mobile Internet Skills Trainings Toolkit)методологиясы -бул мобилдик интернеттин негизги көндүмдөрүн үйрөтүүчү колдонмо.

Катышуучулар тренерлерибиздин жардамы менен  санариптик базалык билимдерди алышып, Instagram, TikTok, Facebook, Google My Business, Whatsapp жана Telegram мессенджерлери сыяктуу социалдык тармактарды ишкердикте колдонууну үйрөнүштү.

Бул иш-чара “Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү” Санарип Инсан долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Аны “Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду (She Starts)” коомдук бирикмеси аткарууда.

Эки күндүк тренингдин жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды. 

“Санарип Инсан” долбоору – жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы долбоор. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат. Долбоорду Евробиримдиктин колдоосу менен European Neighborhood Council жана Интернет коомдун Кыргыз болүмү ишке ашырууда.