“Санарип Инсан” долбоорунун санарип туризм боюнча тренингдери Баткен облусунда

“Санарип Инсан” долбоорунун “Санарип туризм” боюнча окутуулары 14-15-январь күндөрү  Баткен облусунда болуп өттү.

Ага 20дай жаштар, кыз-келиндер, жалгыз бой энелер катышып, туризм тармагына тиешелүү жана санарип кесиптер боюнча санариптик көндүмдөрүн жогорулатышты.

Окутуунун биринчи күнү (14-январь) катышуучулар СММ туралуу маалымат алып, аны бизнесте туура пайдалануу жолдору менен таанышышты. Катышуучулар иш жүзүндө Facebook, Instagram, Tik-Tok платформаларын, ошону менен катар Google статистика, WhatsApp, Telegram месенджерлери менен иштөөнү да үйрөнүштү. Жыйынтыгында ар бир катышуучу социалдык тармактарда баракчаларын түзүп, аларды месенджерлер менен байланыштырып, шилтемелерди жөнөткөндү өздөштүрүүгө жетишишти.

Тренингдин экинчи күнү катышуучуларга туризм жана ага түздөн-түз тиешелүү: Google; Airbnb; Tripadvisor; Booking.com ж.б.у.с. платформалары тууралуу айтылып, иш жүзүндө колдонуу ыкмалары үйрөтүлдү.

Эки күндүк тренингдин жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды. “Санарип Инсан” долбоору окутуу кербенин өлкөбүздүн башка аймактарында улантат.