“Санарип Инсан” долбоорунун подкасттары эми “Ош Пирим” радиосунда жаңырат

Анонс: Мындан ары «Ош пирим» радиосунда ар шаршемби күндөрү саат 16:00дө «Санарип Инсан» подкасттар түрмөгүн уга аласыздар. “Ош Пирим” радиосунун аудиториясы 1.5 млн. 

Подкаст заманбап технологиялар адамдардын жашоосун кандай өзгөрттү, алардын жашоосун жеңилдетип, убактыларын үнөмдөөгө жана учур талабына ылайык адис кылууга кандайча жардам берүүдө деген суроолорго жооп издеп, маалыматтык-технологиялар менен тыгыз иштеген санарип-инсандардын баскан жолу, бейнеси жана ийгиликтерин талкуулайт.

Берүүнүн кайталоосу ар жума күнү саат 16:00дө обого чыгат. Жыштыгыбыз 88.0. Радио аркылуу жана онлайн дагы угууну сунуштайбыз.

Өткөрүп жибербеңиз!