Онлайн вебинар: Илимде жана инновацияда кыздар үчүн мүмкүнчүлүктөр

Онлайн вебинар: Илимде жана инновацияда кыздар үчүн мүмкүнчүлүктөр

Күнү: 22 сентябрь

Сааты: 16:00 

Өтүү платформасы:  Zoom
https://us06web.zoom.us/j/82380808632?pwd=eVRiVTBMQmRmL04rVEQveFRmRWZMQT09

Youtube: https://youtu.be/UcjoEHUPzpQ
Facebook: https://www.facebook.com/events/1189416168337855/

Илим жана инновация аны жасаган адамдарды чагылдырат. Дүйнө илимге жана инновацияга, илим жана инновация болсо аялдар менен кыздарга муктаж. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча изилдөөчүлөрдүн 30 пайызын гана аялдар түзөт.

Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, илим жана инновация жаатында эмгектенген аялдар аз жана алар изилдөө үчүн аз эмгек акы алышат, ошондой эле, жогорку кызматка көтөрүлбөйт. Илим жана инновация үчүн кыздар акылдуу эмес деп ойлошот, бирок, бул терс факторлорго карабастан аялдар менен кыздар технологиялык жана инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүп келишет. Алар өтө маанилүү дары-дармектерди жаратышат жана үн тосмосун бузушат, ааламды изилдешет жана ДНКнын түзүлүшүн түшүнүүгө негиз түзүшөт. Алар биздин келечек муундар үчүн шыктандыруучу үлгү айымдар.

Биздин келечегибиз илимий-техникалык прогресс менен белгиленет, ага аялдар менен кыздар илимдин, технологиянын жана инновациянын жаратуучулары, ээлери жана лидерлери болгондо гана жетишүүгө мүмкүн. 

Интернет коомунун кыргыз бөлүмү бул теманын актуалдуулугу белгилеп, өлкөбүздөгү кыз-келиндер үчүн шыктандыруучу вебинар өткөргөнү жатат. Анда Кыргызстанда төрөлүп өскөн, белгилүү британиялык окумуштуу, Бат университетинин химия профессору жана Улуу Британиядагы Королдук Илимий Коомдун мүчөсү, бардык температурада балдардын вакциналарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алдыңкы инновациялык изилдөөлөрдү жетектеп келе жаткан Асель Сартбаева жана Microsoft компаниясынын программисти Элиза Аманбаева өздөрүнүн илимге салган жолу, ийгиликтери жана кыйынчылыктары тууралуу ой бөлүшүп, жөнөкөй жарандардын суроолоруна жооп берет.