Конкурс – Community Networks

“Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү” байланышсыз калып калган айылдарды интернетке кошуу долбоору боюнча сонку бир нече жылдан бери иш алып барып келет. Анын алкагында, Чүй облусундагы Суусамыр айылын жана Баткен облусунда Зардалы кыштагын интернет байланыш менен камсыздады. Долбоорду мындан ары ишке ашыруу үчүн жана башка айылдарга дагы интернет жеткиликтүү болушу үчүн “Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү” айылдар арасында конкурс жарыялайт. Конкурстун шартына ылайык, катышуучулар видео-сүрөт же жазуу түрүндө төмөнкү маалыматтарды бериши керек:

● Айылдын жайгашкан жерин(картадан белгилеп берсеңиз жакшы
болот)
● Айылдын тургундарынын так саны
● Айылдын катаал шартын түшүндүрүп бериңиз
● Жергиликтүү мектеп жана окуучулар жөнүндө маалымат бериңиз
● Башка коомдук муктаждыктарды же зарыл мекемелерди
жазыныз(оорукана, башкарма ж.б)
● Интернет сиздердин жашоо шартыңыздардын жакшырышана кантип
салым кошо алат?
● Жергиликтүү коомчулук кандай салым кошо алат?(жардам,акчалай,
башка)

Кайрылууларды төмөнкү даректер боюнча күтөбүз:

Зардалы долбоору жаңылыктарда

Зардалы тургундары менени телефон аркылуу байланышыңыз