Мобилдик Интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү куралы кыргыз жана орус тилдеринде жарык көрдү

Санарип ИНСАН долбоорунун максаты – өлкөбүздүн, айрыкча айыл жергесиндеги жаштар жана аялдар арасындагы маанилүү маселе болуп саналган санариптик сабаттуулуктун төмөндүгүн жоюу. Өлкөдө уюлдук телефондордун көп колдонулушуна карабастан, көптөгөн адамдар негизги байланыштан тышкары уюлдук телефондорду натыйжалуу колдонуу жөндөмүнө ээ эмес. Мобилдик  ыкманын маанилүүлүгүн түшүнгөн “Санарип Инсан” эл аралык платформалар менен өнөктөштүк түзүп, алардын тажрыйбасын жергиликтүү муктаждыктарга жана реалдуулуктарга ылайыкташтырууда.

Аймактагы санариптик инклюзияны жана экономикалык өнүгүүнү илгерилетүү максатында, долбоор GSMA Фондунун “Мобилдик Интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү куралыня” (MISTT) кыргыз жана орус тилдерине иштеп чыкты. Мобилдик Интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү куралдарына негизделген окутуу тренингдери өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлдү. Бул ыкма айыл калкынын арасында мобилдик сабаттуулук көндүмдөрүн өркүндөтүүдө маанилүү роль ойногон.

2023-жылдын башында Кыргызстандын жалпы калкынын саны 7,37 миллионду түзгөн, алардын 62,3 пайызы айыл жерлеринде жашайт. Өлкөдө мобилдик телефондордун жана  мобилдик интернеттин кеңири колдонулушун эске алып, өнүктүрүү боюнча иш алып барган  уюмдар өз иш-чараларында биринчи кезекте мобилдик байланышка көңүл буруусу зарыл.

Санарип ИНСАН айыл жергесиндеги жаштар жана айымдардын арасында санариптик сабаттуулукту жогорулатуу максатында 250дөн ашуун катышуучуга оффлайн окутууларды уюштурган. Бул окутуу дүйнөдөгү мобилдик сабаттуулук куралдарын сыноо үчүн баалуу мүмкүнчүлүктөр катары кызмат кылган. Бул тренингдер аркылуу катышуучулар санариптик сабаттуулук жөндөмүн өркүндөтүп, мобилдик платформаларды жана тиркемелерди жакшыраак түшүнүп, мобилдик түзмөктөрдү колдонуу боюнча практикалык тажрыйбага ээ болушту.

Окутуудан тышкары, санарип ИНСАН Президенттик администрация жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги менен кызматташып, улуттук жана регионалдык телеканалдарда санариптик платформалар жана санариптик сабаттуулуктун негизги көндүмдөрү жөнүндө видеолор чагылдырылды. Бул видеолор кыргыз жана орус тилдеринде алардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында тартылган. Бул өнөктөштүк аркылуу “Санарип Инсан”дын окутуу материалдарын уккан/көргөндөр 4 миллион адамга жетип, айрыкча айыл жерлеринде жашагандар өлкөнүн жалпы калкынын 55% түзгөн.

Оффлайн окутууну жана улуттук телеканалдарды бириктирүү менен “Санарип Инсан” Кыргыз Республикасынын айыл калкынын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга олуттуу таасир тийгизди. Бул ыкма санариптик камтууну гана жайылтпастан, жеке адамдарга глобалдык санариптик экономикага катышууга мүмкүнчүлүк берди. Бул аракеттер аркылуу “Санарип Инсан” долбоору эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкта иштелип чыккан жана жергиликтүү шарттарга адаптацияланган максаттуу иш-чаралар туруктуу өнүгүүгө натыйжалуу өбөлгө түзүп, туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзөөрүн көрсөтө алды.