Электрондук коммерция жана lalafo сервиси

Кыргыз Интернет Коому 2022-жылдын 28-июлунда саат 16:00дө “Электрондук коммерция жана lalafo сервиси” деген темада онлайн вебинар өткөрдү, анткени бүгүнкү күндө ар бирибиз компьютерлерибизден жана башка байланыш түйүндөрдөн, анын ичинде смартфондор, акылдуу сааттар жана санариптик жардамчылар аркылуу соода кыла алабыз.

Электрондук коммерция бизнестен керектөөчүгө жана бизнестен бизнеске сегменттеринде өнүгүп жатат. Эки учурда тең көпчүлүк компаниялардын максаты – кардарларга каалаган убакта, каалаган жерден, каалаган санариптик аппаратты колдонуу менен каалаган нерсесин сатып алууга мүмкүнчүлүк берүү.
Спикер катары Фариза Чилмергенова чакырылды, Фариза айым электрондук коммерция боюнча эксперт жана тренер.

Биз бүгүн электрондук коммерция кандай жана эртең кандай болот жана электрондук платформа ар бир адамга кандай мүмкүнчүлүктөрдү берери жөнүндө, ошондой эле Кыргызстандагы жеке жана бизнес жарнамаларды акысыз жана акы төлөнүүчү эң ири сайт – Lalafo жөнүндө Нурбек Омурбаев – lalafo Кыргызстандын медиа жарнама боюнча менеджери айтып берди.

 

Онлайн вебинардын аягында lalafo.kg сайтынын маркетинг боюнча директор Руслан Гайдаров сөз сүйлөп, келечектеги пландары, кызыктуу фактыларды айтып берди жана вебинарды уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/h5zP7c19iho” title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture” allowfullscreen></iframe>