Резюме түзүү эрежелери

Резюме – бул сиз жөнүндө биринчи таасир. Жакшы жазылган жана форматталган резюме сиздин кесиптик компетенттүүлүгүңүздү жана өзүңүзгө болгон ишенимди көрсөтөт. Кандайдыр бир кызматка сынак жарыяланганда иш берүүчүгө көп сандагы резюмелер түшүп, алардын ичинен эң мыктылары тандалып алынат. Эгер сиз белгилүү бир тармактын эксклюзивдүү адиси болсоңуз да, бирок сиз муну резюмеңизде так чагылдыра албасаңыз же аны шашылыш чыгарсаңыз, тилекке каршы, интервьюга чакыруу алуу мүмкүнчүлүгү өтө аз.

Кемчиликсиз резюме жазуу үчүн эмне кылуу керек? Бул суроого туура жооп жок жана болушу да мүмкүн эмес, анткени идеалдуу резюмелер жок – ар бир учурда жеке мамиле керек.

Ошого карабастан, эгерде сиз резюме түзүүдөн мурун, жок дегенде, кыскача биздин “Резюме эрежелери” боюнча жарыялоону окуп чыксаңыз, анда сиз эң негизги нерсени билесиз.
Жарыялоо жаңы ишке жолду кыскартууга жардам берет.