Improving the economic well-being of women through digital tourism platforms

“Санариптик туризм платформалары аркылуу аялдардын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу” долбоору

Кыргызстандын айыл жеринде ишкерликти күчөтүүгө жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган долбоорунун алкагында “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” “Санарип Туризм” платформаларына катталуу жана эффективдүү колдонуу боюнча тренингдерин өткөрдү. Жалпысынан 20 аймактан 500дөн ашык айым өздөрүнүн билимин жогорулатып, санарип туризм артыкчылыгын, катталуу ыкмасын, өзүнүн конок үйүн алдыга жылдырууну үйрөнүп, тренингдин аягында сертификаттарга ээ болушту.

Аймактардагы катышуучулар төмөнкү көндүмдөргө ээ болушту: MISTT (Mobile Internet Skills Training Toolkit) методологиясы боюнча санариптик билимге, Instagram, Facebook, Whatsapp Business мессенджерлери сыяктуу социалдык тармактарды колдонууну, Google Maps, 2GIS карталарында конок үйлөрүн кантип белгилөө керектигин, Booking.com, AirBnB бөлмөлөрдү ээлөө платформаларында кантип катталууну жана колдонууну, TripAdvisor.com сын пикир веб-сайтын жана ошондой эле WebPMS Travelline мейманканасын башкаруу системасы менен иштөөнү үйрөнүштү. Алынган көндүмдөр катышуучуларга туристтик жайларга көбүрөөк туристтерди тартууга мүмкүндүк берет, кирешесин көбөйтөт. Бул өз кезегинде айылдагы ишкердикти өнүктүрүүгө жана аймактардагы жашоочулардын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Тренингдер Борбордук Шайлоо Комиссиясынын “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда” өткөрүлдү. Ошондой эле, окутууларга региондордо туристтик дестинациялар жана китепканалар дагы көмөк көрсөтүштү. Кенен маалыматтарды жана тренингдерден алынган кызыктуу сүрөттөрдү биздин социалдык тармактар аркылуу көрө аласыздар.

Долбоор АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан каржыланууда. Бул жерде айтылган көз караштар, корутундулар же сунуштар автордуку жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин көз карашын чагылдырбайт.