КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Санарип Инсан” долбоорунун ортосунда жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 20-июль 2023-ж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Санарип Инсан” долбоорунун ортосунда жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу бобнча меморандумга кол коюлду.

Меморандумга кол коюу аземине билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев жана “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн” тең негиздөөчүсү, “Санарип Инсан” долбоорунун координатору Азиз Солтобаев катышты.

Маалыматтык технологиялар биздин күнүмдүк жашообузда барган сайын маанилүү орунду ээлеп жатат. Өзгөчө бул чөйрөдөгү кесиптер эң көп акы төлөнгөн кесиптердин катарында. Бул багыттагы кесиптин ээси болуш үчүн санариптик сабаттуулукка ээ болушубуз керек.

Санариптик сабатсыздыкты жоюуда кыргыз тилдүү жарандарыбыз тоскоолдуктарга туш болуп келет. Себеби, окуу материалдарынын көпчүлүгү англис жана орус тилдеринде.

Бул көйгөйдү чечүү максатында “Санарип Инсан” долбоору КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин сунуштамасы менен Python программалоо тилин кыргыз тилинде иштеп чыкты.

Программалоо менен таанышып, IT тармагындагы кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоону каалаган жаштар үчүн 70тен ашык видеосабактар жана атайын материалдар түзүлдү.

Мындан сырткары, калктын негизги санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатында жана меморандумдун негизинде “Санарип Инсан” долбоору:

“Microsoft” компаниясынын “Санариптик сабаттуулук” окуу курсун кыргыз тилинде иштеп чыгат.

Ошондой эле “Мобилдик интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү курал” колдонмо китеби жарык көрөт.