Санарип Инсан” аймактык тренерлер үчүн “Санариптик туризм” боюнча эки күндүк тренингдерин баштады

16-17-ноябрда Бишкек шаарында аймактагы тренерлер үчүн “Санарип Инсан” долбоорунун алкагында “Санариптик туризм” боюнча эки күндүк тренинг өтүүдө.

Долбоор Кочкор-Жумгал, Талас, Чоң-Алай, Жалал-Абад, Тоң, Түп, Баткен, Ат-Башы, Чүй, Ош, Чоң-Алай жана Нарын аймактарынан санарип туризм тарамагындагы 10 тренер/эксперттерди тандап, алардын билимин тереңдетүү үчүн тренингдерди, ишкерлик жаатындагы коучинг жана насаатчылык менен айкалыштырууда өткөрөт.

“Санарип туризмди” өнүктүрүү боюнча тренер, эксперттер Google Business, Google Maps, 2GIS, Booking.com, Airbnb, Shelter, Travelline PMS, Edelweiss PMS жана санарип маркетинг боюнча,  WhatsApp Business, Instagram, Facebook тууралуу терендетилген маалымат беришет.

Ар бир катышуучу тренингден соң “Санарип Инсан” долбоору менен кызматташууга кол коюп, өз аймагындагы жаштар, кыз-келиндер менен алган билимин бөлүшүп, жогоруда аты аталган платформаларда катталууга көмөк көрсөтөт.

“Санарип Инсан” долбоору жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы долбоор. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат.

Долбоорду Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү Американын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырууда.

Бул долбоор АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жерде айтылган көз караштар, корутундулар же сунуштар автордуку жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин көз карашын чагылдырбайт.