Бакытбек Асылбек уулу – “Санарип Инсан” Start-Up долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн бири, Bulbal стартап долбоорунун жетекчиси

2023-жылдын 10-ноябрында Инновациялык борбордо 27 500 евро же 2,6 миллион сом жалпы байге фонду менен “Санарип Инсан” стартап-долбоорлорунун сынагынын финалы болуп өттү.

Стартап сынагынын жеңүүчүлөрү менен тааныштырабыз.

“Санарип Инсан” Start-Up конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн бири Бакытбек Асылбек уулу Bulbal стартап долбоорунун жетекчиси.

Долбоор Кыргызстанга туристтерди тартуу менен алектенет, ошондой эле жалпы Кыргызстандын аймактарындагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы айылдардын тургундарына конок үйлөрүн ачууга жардам берет.

Туристтерди төмөнкү каналдараркылуу өлкөбүзгө тартат: booking.com, airbnb.com, tripadviser.com, 2gis.kg, google maps, instagram, tik-tok, youtube, – Bulbal платформасы Кыргызстандын туроператорлор аркылуу түз сатуу event туризмди камсыздайт.
Конок үйлөрдүн төмөнкү платформаларга катталышын камсыздайбыз: booking.com, airbnb.com, tripadviser.com.

Долбоордун бизнес модели: аймактардан жайлуу үйлөрдү табып, тургундарын алардан конок үй жасоого көндүрүү. Конок үй ээлерин онлайн брондоо платформаларына туташтыруу. Конок үй ээлерине туристтерди тартуу, кызмат үчүн алар турак-жай, тамак-аш үчүн төлөнгөн суммадан 10%, жана башка кызматтар.

4 ай ичинде биз 230 үй туташтырылды(Баткенден башка бардык аймактарда). Биздин байбичелер жана үй кожойкелери айына орто эсеп менен 25000 сом табышат. 4 айдагы киреше 2,5 млн сомдон ашуун. 1200дөн ашык турист тейленди. Бир нече фестивалдарды уюштурушту.

Бакытбек Асылбек уулу финалдык питчингде 93,6 балл алып, жеңишке жетишти.

“Санарип Инсан” долбоорунун максаты-жаштардын, аялдардын, мигранттардын жана өлкөнүн алыскы аймактарынын жашоочуларынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонуу, социалдык тармактардын функцияларын изилдөө, Санариптик каржылык тиркемелер, онлайн коммерцияда жана ишкердикте маалыматтык технологияларды колдонуу, ошондой эле жашыл экономиканын эсебинен туруктуу өнүгүү жолдорун сунушталат. Долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Европа Коңшулук Кеңеши жана Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү тарабынан ишке ашырылууда.