“Санарип Инсан” долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн бири Багымдат Атабаева

2023-жылдын 10-ноябрында Инновациялык борбордо 27 500 евро же 2,6 миллион сом жалпы байге фонду менен “Санарип Инсан” стартап-долбоорлорунун сынагынын финалы болуп өттү.

Стартап сынагынын жеңүүчүлөрү менен тааныштырабыз.

“Санарип Инсан” Start-Up конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн бири Багымдат Атабаева Salym.AI стартап долбоорунун жетекчиси.  

Salym.AI – салык отчёттуулугун жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу үчүн инновациялык платформа. 

Salym.AI төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:

  • Автотолтуруу, салык отчётторун автотекшерүү жана жүз уяча менен татаал формаларды толтуруу. 
  • Жарандарга 25%га чейин салыктык чегерүүлөрдү кайтарып берүүгө жардам берет;
  • Жасалма интеллектин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына үйрөтүлгөн ассистент чаттарда кеңеш бере алат.

Багымдат Атабаева финалдык питчингде эң жогорку 104,6 балл менен 1-орунду ээледи.

“Санарип Инсан” долбоорунун максаты-жаштардын, аялдардын, мигранттардын жана өлкөнүн алыскы аймактарынын жашоочуларынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонуу, социалдык тармактардын функцияларын изилдөө, Санариптик каржылык тиркемелер, онлайн коммерцияда жана ишкердикте маалыматтык технологияларды колдонуу, ошондой эле жашыл экономиканын эсебинен туруктуу өнүгүү жолдорун сунушталат. Долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Европа Коңшулук Кеңеши жана Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү тарабынан ишке ашырылууда.