Онлайн Форум: Балдарды интернетте коргоо жана колдоо

Онлайн Форум: Балдарды интернетте коргоо жана колдоо

1-июнь “Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө» карата «Балдарды интернетте колдоо жана коргоо» деген аталышта масштабдуу онлайн-форум өттү. Аны Кыргыз Интернет коому менен «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду биргеликте уюштурду. Форумда эл аралык жана жергиликтүү кесипкөй адистер өз баяндамаларды жасап, өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Интернет айдыңында балдар кандай коркунучтарга же терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн, жеке маалыматтарды кантип коргоо керек, мындай учурга туш болгон балдардын психологиялык абалы жана аларга жардам берүү, реалдуу жана виртуалдык байланыштын балансын кантип сактаса болот деген суроолорго жооптор айтылып, башка өлкөлөр бул багытта кандай ыкмаларды колдонору белгиленди.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун директору Догдургүл Кендирбаева өз сөзүндө буларга токтоктолду:

«Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион болсо, алар колдонгон гаджеттердин саны 9 миллион. Аларды арасында болгону 15% гана жарандар өнүктүрүүчү, билим алуучу контент көрсө, калган 85 % керексиз, утурумдук кызыкчылыктуу маалыматтарды көрөт экен», -деди.

Ал эми «Санарип Тазалык» долбоорунун жетекчиси Нурбек Арзымбаев Кыргызстанда балдарды интернетте коргоо багытында маалыматтар абдан аз экенин айтып, өз иликтөөсү менен бөлүштү:

«Биз Кыргызстандын аймагындагы 500 сайтка изилдөө жүргүздүк. Ошонун арасынан бир гана сайт балдардын жеке маалыматтарын интернетте коргоо тууралуу маалымат менен камсыз экен. Калган 499 сайттан андай маалымат таба алган жокпуз».

Ошондой эле форумга балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адис, педагог Элиза Темирбекова, Америкадан байланышка чыккан IT адиси Бакыт Абдишев, Япониядан KG Analytics интеллектуалдык коомдун санарип аткаруучу жетекчиси, Онлайн методист, педагогиялык дизайн жана электрондук окуу боюнча адиси, “Мугалим” платформасындагы  квалификация жана компетенция жогорулатуу үчүн курстардын автору, Монтессори – педагог, СТЕМ Амбассадор Сымбат Сатыбалдиева, aha.kg өзүн өнүктүрүү боюнча мектебинин негиздөөчүсү Айгүл Догдурова, «Санарип Тазалык» долбоорунун эксперти Айпери Бозоева жана «Санарип Инсан» жана «ilimbox» долбоорунун кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча менеджери Ажыбек Нурлановдор катышып, ар бири балдар коргоо жана колдоо багытындагы долбоорлор, жеке тажрыйбалар, баалуу кеңештер менен бөлүштү. 

Форумдун жыйынтыгында Балдарды эрте курактар өнүктүрүү боюнча адис, Евросоюздун «Санарип инсан» долбоорунун медиа-эксперти Сапаргүл Абдинабиева бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, 1-июнь «Балдарды коргоонун эл аралык күнү» менен бардык катышуучуларды куттуктады.

Онлайн-форум Zoom платформасы аркылуу өтүп, Ютуб жана Фейсбук аркылуу түз трансляция болду. Аны Кыргызстандын бардык булуң-бурчунунан  жалпы 300дөй жаран, анын ичинде ата-энелер, балдар, мигранттар, педагог же мугалимдер жана жаштар көрүп, активдүү суроо узатышты.

Онлайн-форумдун аягында интерактивүү оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө тренингдерге чакыруу жана кызыктуу китептер белекке берилди.

Our Social Media

The Tech4Society project has pages on social networks where we publish news about our project, tips on cybersecurity. These events will help increase cyber resilience in the activities of journalists, activists, and representatives of non-profit organizations.

Follow our Instagram to stay up to date.

https://instagram.com/tech4society/

Read cybersecurity tips on our telegram channel.

https://t.me/tech4society_kg

Also follow our events on Facebook.

https://www.facebook.com/Tech4Society-Kyrgyzstan-113407578026875/

Our technical assistance call center is available 24 hours. We respond to incidents related to data privacy, computer security and provide prompt assistance in case of cyber attacks. If you encounter one of these issues, you can call +996501551029, send a message to signal messenger, or email [email protected].

In order to raise awareness of cybersecurity in the civil sector, trainings are planned within the framework of the project. You can send an application in a free form to our mail (indicating the number of participants) and we will contact you.

Онлайн Форум: Балдарды интернетте коргоо жана колдоо

Күнү: 31-май

Сааты: 14:00

Катышуу шилтемеси: https://us06web.zoom.us/j/85016137739pwd=TUk2N1JXVkpyaU1kS0I1OWtTZzAwZz09

Facebook: https://www.facebook.com/events/1075849403339733/

Youtube: https://youtu.be/PoRp7jDcE1w

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Балдарды интернетте коргоо жана колдоо» деген аталышта масштабдуу онлайн-форум өткөрөт. Аны Кыргыз Интернет коому менен «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду биргеликте уюштурууда. Форумда эл аралык жана жергиликтүү кесипкөй адистер өз баяндамалары менен бөлүшүп, интернет айдыңында балдар кандай коркунучтарга же терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн,же тескерисинче сапаттуу маалыматтарды кайдан таба алат, жеке маалыматтарды кантип коргоо керек, мындай учурга туш болгон балдардын психологиялык абалы жана аларга жардам берүү, реалдуу жана виртуалдык байланыштын балансын кантип сактаса болот деген сыяктуу көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды айтып беришет.

Форум Zoom платформасы аркылуу өтүп, Ютуб жана Фейсбук аркылуу түз трансляция болот. Ага Кыргызстандын бардык булуң-бурчунунан жарандар, анын ичинде ата-энелер, балдар, мигранттар, педагог же мугалимдер жана жаштар катышып, суроо узата алышат.

  • Уюштуруучулар: Кыргыз Интернет Коому жана «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду
  • Алып баруучу: Талант Султанов жана Сапаргүл Абдинабиева

Ачылышы. Саламдашуу сөз

  • Кыргыз Интернет Коомунун төрагасы, Талант Султанов
  • Балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адис, “Санарип Инсан” долбоорунун медиа-эксперти Сапаргүл Абдинабиева

Баяндамалар

  • Наталья Мочу, КМШ региону боюнча ITU аймактык директору
  • Догдуркул Кендирбаева, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору
  • Элиза Темирбекова, балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адис, педагог, эки баланын энеси
  • Сымбат Сатыбалдиева, KG Analytics интеллектуалдык коомдун санарип аткаруучу жетекчиси, Онлайн методист, педагогиялык дизайн жана электрондук окуу боюнча адиси, “Мугалим” платформасындагы квалификация жана компетенция жогорулатуу үчүн курстардын автору, Монтессори – педагог, СТЕМ Амбассадор
  • Бакыт Абдишев, IT адиси, эки баланын атасы
  • Айгүл Догдурова, aha.kg өзүн өнүктүрүү боюнча мектебинин негиздөөчүсү
  • Нурбек Арзымбаев жана Айпери Бозоева «Санарип Тазалык» долбоорунун жетекчиси жана эксперти
  • Ажыбек Нурланов, «Санарип Инсан» жана «ilimbox» долбоорунун кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча менеджери

Интерактивдүү  оюндар жана белектер. Талкулоо жана жыйынтыктоо.

Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар? 

   Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар? 

17-май Бүткүл дүйнөлүк электрондук байланыш жана маалыматтуу коом күнү жана 9-май “Европа күнүнүн”урматына Бишкекте «Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар?» деген аталышты вебинар өттү. Аны Кыргыз Интернет коому уюштурду. Вебинарда Евробиримдик каржылаган Кыргызстандагы бир нече долбоордун жетекчилери катышып, айыл-аймактардагы жаштарга, кыз-келиндерге жана мигранттарга маалыматтык-технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана гранттык колдоолор тууралуу маалымат берди.

Вебинардын ачылышын сөзүн Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн биринчи кеңешчиси, Кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Ханс Фарнхаммер сүйлөдү.

«Санариптешүүдө Кыргызстан абдан чоң кадам таштады. Менин оюмча өнүгүү абдан катуу ылдамдыкта жүрүп жатат жана ал бардык тармактарды камтып жатат: алардын ичинде билим берүү, тейлөө тармактары бар. Аларды дагы масштабдуу өнүктүрүү үчүн бизге санариптик көндүмдөрдү терең үйрөнүү талап кылынат. Мен жарандык коом менен биргеликте ушул көндүмдөрдү сиздерге сунуштап жатканыбызга абдан кубанам. Бул ар бирибизге баа жеткис мүмкүнчүлүк», – деди Ханс Фарнхаммер

Европа Коңшулук Кеңешинин (ENC) Кыргыз Республикасындагы “Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү” (Санарип Инсан) долбоорунун координатору Ксения Тышкевич «Санарип инсан» долбоорунун мазмунуна токтолду:

«Жөнөкөй тил менен айтканда, океандын ары жагында же Кыргызстандын алыскы бир аймагында жашаган жаш ишкер өзүнүн продукциясын интернет аркылуу сатып, рекламалап же болбосо глобалдык маалымат агымынан жаңы идеяларды өзүнө алса жана ага ушундай мүмкүнчүлүк түзүлсө дейбиз. Бул логикага таянып Евросоюздун колдоосу менен «Санарип Инсан» долбоору ишке ашып жатат».

Ал эми Илим, технология жана инновациялар бөлүмү, ICTP – Эл аралык теориялык физика борбору, Escuela Latinoamericana de Redes (EsLaRed) Фондунун президенти Профессор Эрманно Пиетросемоли жана Nothing2Hide компаниясынын негиздөөчүсүнун бири, башкы директору Грегуар Пуже да вебинарда сөз сүйлөп, буларды белгилешти:

«Интернеттин пайдалуу жактарын баарыбыз билебиз, бирок ал кээде терс таасир да этиши мүмкүн. Ал эми биздин эл аралык биргелешкен Санарип Тазалык долбоорубуз жергиликтүү журналисттерге жана активисттерге жардам берет жана аларды коргоого жардам берет»

Вебинардын калган бөлүгүндө Европа биримдиги тарабынан каржыланган бир нече долбоорлордун жетекчилери баяндама жасады. Европа Биримдигинин DigiKonush долбоорунун координатору, Лидер коомдук фондунун жетекчиси Банур Абдиева, Жаш Табышкер долбоорунун жетекчиси, «Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова, Европа Биримдигинин «Санарип Инсан» долбоорунун медиа эксперти Сапаргүл Абдинабиева жана «Санарип Тазалык» долбоорунун жетекчиси Нурбек Арзымбаев өз долбоорлору, максаттары жана ишке ашуу жолдору тууралуу ой бөлүштү.

Онлайн-маектешүүнүн аягында «Кыргыз Интернет коомунун» төрагасы Талант Султанов жыйынтыктап, кызматташуу аркылуу максаттарга жетүүнүн маанисин айтып, катышуучуларга терең ыраазычылык билдирди.

«Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар?» вебинаранын максаты, региондордогу тургундарды, өзгөчө алыска айыл-аймактардагы жаштар, кыз-келиндер жана мигранттарды окууга жана технологиялык билим алууга шыктандыруу жана гранттык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү. Негизги эфир Zoom платформасы аркылуу өтсө, ал “Кыргыз Интернет коомунун» Ютубдагы жана Фейсбуктагы расмий баракчаларынын түз чагылдырылып турду.  Ага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан 200дөй адам катышты.

Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү расмий түрдө ITU’нун Partner2Connect прогораммасына кошулду

“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” коомдук бирикмеси Эл Аралык Электр байланыш союзунун (ITU) Partner2Connect программасына кошулгандыгын сыймыктануу менен билдирет. Бул программанын алкагында уюм 500 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоо суммасы менен Кыргыз Республикасындагы айыл жаштарына жана аялдарга санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү милдеттенмесин алды.
Кыргыз Республикасындагы айылдык жаштар үчүн санариптик көндүмдөрдүн маанилүүлүгүн айтпай коюу мүмкүн эмес. Акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын калкынын 50% дан ашыгы айыл жергесинде жашайт жана калктын кыйла бөлүгүн аялдар жана жаштар түзөт. Алар көбүнчө шаардык кесиптештери менен бирдей ресурстарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес, бул жагдай өз кезегинде санариптик көндүмдөрдү алардын экономикалык туруктуулугу үчүн өтө маанилүү кылат.
Санариптик көндүмдөр Кыргызстандагы айыл жаштарынын экономикалык туруктуулугун бир кыйла жогорулатат. Мисалы, санариптик көндүмдөргө ээ болуу менен айыл жериндеги жаштар өз бизнесин баштап, дүйнөлүк рыноктун артыкчылыктарын пайдалана алышат. Мындан тышкары, санариптик көндүмдөр жаштарга жумуш табууга, билим берүү ресурстарына жетүүгө жана өз жамааттары менен байланышта болууга жардам берет.
Эл аралык электр байланыш союзу (ITU) -Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемеси жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларга байланыштуу бардык маселелер үчүн жооп берет. Partner 2 Connect программасы – ЭЭУ (ITU) мүчөлөрүн, жеке сектор компанияларын жана башка уюмдарды санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана калкты интернетке туташтыруу үчүн бириктирген платформа.
Жыйынтыктап айтканда, “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” коомдук бирикмеси, ITU’нун Partner 2 Connect программасына кошулуп, 500 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоо көлөмү менен Кыргыз Республикасынын айыл жаштарына жана аялдарына санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү милдеттенмесин алган, бул өз кезегинде санариптик ажырымды жоюуга жана айыл жериндеги жаштарга Интернетке жетүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө чоң кадам болуп саналат.

Онлайн вебинар: Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар? 

Вебинардын атылышы: Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар?

9-май “Европа күнү” жана 17-май Бүткүл дүйнөлүк электрондук байланыш жана маалыматтуу коом күнүнүн урматына Бишкекте «Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар?» деген аталышты вебинар өтөт. Аны Кыргыз Интернет коому уюштурууда. Вебинарда Евробиримдик каржылаган Кыргызстандагы бир нече долбоордун жетекчилери катышып, региондордогу жаштарга, кыз-келиндерге жана мигранттарга маалыматтык-технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана гранттык колдоолор тууралуу маалымат беришмекчи. 

Вебинар Zoom платформасы аркылуу өтөт. Ага Кыргызстандын бардык булуң-бурчунунан жарандар катышып, суроо узата алышат.

  • Уюштуруучулар: Кыргыз Интернет Коому
  • Алып баруучу: Талант Султанов

14:00 Ачылышы. Саламдашуу сөз

Ханс Фарнхаммер, Кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси, Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн биринчи кеңешчиси

14:15 Баяндамалар

Профессор Эрманно Пиетросемоли, Илим, технология жана инновациялар бөлүмү, ICTP – Эл аралык теориялык физика борбору, Escuela Latinoamericana de Redes (EsLaRed) Фондунун президенти

Ксения Тышкевич, Европа Коңшулук Кеңешинин (ENC) Кыргыз Республикасындагы “Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү” (Санарип Инсан) долбоорунун координатору

Грегуар Пуже, Nothing2Hide компаниясынын негиздөөчүсүнун бири жана башкы директору

Банур Абдиева, Европа Биримдигинин DigiKonush долбоорунун  координатору, Лидер коомдук фондунун жетекчиси

Гүлбарчын Сүйүнова, Жаш Табышкер долбоорунун жетекчиси, “Enactus” Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча)

Сапаргүл Абдинабиева, Европа Биримдигинин «Санарип Инсан»  долбоорунун медиа эксперти

Нурбек Арзымбаев, «Санарип Тазалык» долбоорунун жетекчиси, Tech4Press эл аралык уюму (Франция) менен биргелешкен демилге

15:10 Суроо-жооп жана талкулоо.

15:25 Жыйынтыктоо. Конкурс

Press Release Tech4Society

A Cyber ​​Incident Response Team focused on the civilian sector began to work in Kyrgyzstan

In recent years, with the development of digitalization, the number of cybercrimes has also increased. According to official data, in Kyrgyzstan, on average, about 20 Kyrgyz websites are subjected to cyberattacks daily. Lack of education and lack of specialized experts lead to an increase in cybercrime and loss of personal data. With the launch of the Cybersecurity Coordination Center under the State Committee for National Security of the Kyrgyz Republic, almost all government agencies have the opportunity to receive assistance. At the same time, civil society remains vulnerable and continues to face cyber incidents, including hacks of personal pages.

In this regard, the Public Association “Internet Society Kyrgyzstan Chapter” (ISOC), with the assistance of Nothing2Hide (France), is launching the “Tech4Society” project to support activists, journalists and the civil sector on digital security issues. The project will operate a technical assistance call center in Kyrgyz and Russian, available 24 hours. This call center will respond to incidents related to data privacy, computer security and provide prompt assistance with cyber attacks that users face every day.

“In the media, examples of hacks and information leaks are increasingly being published. At the beginning of the year alone, more than ten journalists and activists complained that their accounts had been hacked. Moreover, at the end of 2019, following the publications of the customs corruption investigation, media websites experienced unprecedented DDoS attacks, which made their websites unavailable. To date, there are only two institutions in the country that deal with cyber incidents and they cover only the public sector. While civic activists, journalists and small businesses remain vulnerable and unprotected,” said Nurbek Arzymbaev, head of the Tech4Society project.

The project also plans to conduct trainings on cyber hygiene in order to increase awareness of the security tools of active communities. These events will help increase cyber resilience in the activities of journalists, activists, representatives of non-profit organizations and small businesses.

The call center can be contacted via the Signal app +996 501 551 029 or email [email protected].

More details about the project can be found at the following link: https://isoc.kg/ru/projects/t4s/

«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр» онлайн-маектешүүсү

«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөрү» онлайн-маектешүүсү

28-апрель эл аралык “Маалыматтык-байланыш технологиясындагы кыздар” күнүнүн урматына карата Санариптик Трансформациядагы айымдар, «Р. Отунбаеванын демилгелери» коомдук эл аралык фонду жана Кыргыз Интернет коому биргеликте онлайн-маектешүү өткөрдү. Анда эл аралык жана жергиликтүү эксперттер жана ийгиликтүү айымдар өз тажрыйбаларын бөлүшүп, кыздар үчүн технологиядагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.

Онлайн-маектешүүнүн негизги баяндамачысы КРнын экс-президенти Роза Исаковна Отунбаева болду. Ал өз сөзүндө кыздардын технологиядагы мүмкүнчүлүктөрү чексиз деп айтты:

«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр» деген видео-конференция республикалык деңгээлде биринчи жолу өтүп жатканына кубанычтамын. Биздин фонд 2013-жылдан баштап эле кыздар маалыматтык-технологиялык илим алсын деген демилген менен келе жатабыз. Соңку 2 жылдан бери STEM программабыз жүрүүдө. Анын алкагында Бишкек жана Ош шаарларында 2000ден ашуун окуучу кыздарга 193 адис менторлук кылып, окутуп чыгарды. Ал дагы деле уланып жатат. Бир нече донорлорлук уюмдар, мекемелер бизге жардам берип жатат. «Кыргыз Интернет коомун» дагы Европа Биримдиги колдоп, чогуу иш алып жаратасыздар. Ушундай эле нукта баарыбыз туш-туштан аракет кыла берсек дың жерлерди көтөрүп жаткан болобуз. Анткени технологиялык билимдерсиз биз 21-кылымды багындыра албайбыз»,- деди экс-президент Роза Отунбаева.

Ал эми ЖК депутаты Элвирва Сурабалдиева да сөз сүйлөп, ал кыздардын маалыматтык-технологиялык билим алуусу өтө маанилүү экенин жана кыз-келиндердин таламын парламентте коргоп келе жатканын билдирди. 

Кийинки баяндамачы КРнын Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев сөз сүйлөп, буларга токтолду:

«Балдардын информациялык-технологиялык билим алуусунун негизги булагы катары биз азыр приоритетти так илимдерден сабак берген мугалимдерге коюп жатабыз. Президентибиздин соңку жарлыгына ылайык, табигый так илимдерден сабак берген мугалимдердин айлык акысы башка мугалимдерге караганда 20% га көтөрүлдү».

Кийинки онлайн талкуунун спикери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин” директору Нурия Кутнаева болуп, ал өз сөзүндө:

“Биз баарыбыз МКТ идеясын, санариптештирүү жана бул аймактарга кирүүгө жардам берип жайылтышыбыз керек”,- деп белгиледи. Ошондой эле ал бир нече кыздарга санариптик көндүмдөрдү, санариптик коопсуздукту жана МКТ тармагындагы карьералык багытты үйрөткөн насаатчылык программасы менен бөлүштү.

«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр» деген аталыштагы онлайн-маектешүүсүнө расмийлерден сырткары бир нече эл аралык жана жергиликтүү эскперттер катышты.

Онлайн-маек учурунда Ташкент-Бишкек «КМШ аймагындагы МКТдагы кыздар» телекөпүрөсү аркылуу КМШ региону боюнча ITU аймактык директору Наталья Мочу жана «Санариптик Трансформациядагы Айымдар уюмунун» негиздөөчүсү Екатерина Громова байланышка чыгып, бул багыттагы эл аралык тажрыйбалар тууралуу кыскача айтып беришти.

Ал эми “Борбордук Азиядагы айымдар жана кыздар үчүн МКТнын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жергиликтүү эскперттер өз тажрыйбалары боюнча айтып беришти. Алар:

Шайна Крам, АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы; Эл аралык Айтматов фондунун вице-президенти, КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты  Ширин Айтматова; Teach for Kazakhstan жана Connect-Ed.kz (Казакстан) негиздөөчүсү Гүлназ Корданова; Startup Accelerator, Tech4Impact компаниясынын негиздөөчүсү (Өзбекстан) Елена Селезнева; “Мутакалим” коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы; Европа Биримдигинин DigiKonush долбоорунун координатору Банур Абдиева; “Суусамыр FM” коомдук радиосунун директору жана kyrgyzmedia.kg маалымат сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова; Relativity LLC компаниясынын DevOps инженери IT Инфлюенсер Айдана Омурбаева; Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулар ассоциациясынын директорунун орун басары Айпери Ногойбаева; “Санарип Тазалык” санариптик гигиена долбоорунун эксперти Айпери Бозоева; Европа Биримдигинин “Санарип Инсан” долбоорунун медиа эксперти Сапаргүл Абдинабиева; Village Girl долбоорунун координатору Айдай Аманкулова жана Кыргызстандын биринчи космостук программасынын жетекчиси Кызжибек Батырканова катышышты.

Онлайн-маектешүүнүн аягында «Кыргыз Интернет коомунун» негиздөөчүлөрүнүн бири Азиз Солтобаев жыйынтыктап, өз сөзүндө кийинки белгиледи: “Бүгүн биз биргелешкен күч-аракет менен чоң натыйжаларга жетишип, кыздардын МКТда гана эмес, жалпы эле илимде да жетишкендик көрсөтө аларыбызды түшүндүк”. 

Ошондой эле «Кыргыз Интернет коомунун» төрагасы Талант Султанов бардык катышуучуларга рахмат айтып, көрүп жаткан кыздарды маалыматтык-технологиялык билим алууга үндөдү.

«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр» онлайн-маектешүүсүнүн максаты, кыздарды, өзгөчө алыска айыл-аймактардагы кыз-келиндерди окууга жана технологиялык билим алууга шыктандыруу. Баштапкы эфир Zoom платформасы аркылуу өтсө, ал “Кыргыз Интернет коомунун» Ютубдагы жана Фейсбуктагы расмий баракчаларынын түз чагылдырылып турду.  Ага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан:

Zoom аркылуу- 100 киши

Фейсбук аркылуу- 162 киши

Ютуб аркылуу- 145 киши түз көрүп отурду.

Кыздардын шыктандырган маектердин артынан чакан онлайн-сынак уюштурулду. Анда маалыматтык-технология багытында суроолор берилип, жеңүүчүлөргө IT курсуна сертификат, IT  тармагында иштеген адистерге бекер консультациялар жана китеп, блокнот сыяктуу кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/IGrjxWTmx34″ title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture” allowfullscreen></iframe>

«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр» онлайн-маектешүүсү

«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр» онлайн-маектешүүсү

Күнү: 28-апрель

Сааты: 16:00

Катышуу шилтемеси: https://us06web.zoom.us/j/88516164405pwd=anBlZFNwWm5zNGhLM29QQjhyamxLZz09

Youtube: https://youtu.be/Xvt7Gd-SnBg 
Facebook: https://fb.watch/cG2PkgRuU8/

28-апрель эл аралык “Маалыматтык-байланыш технологиясындагы кыздар” күнүнүн урматына карата Санариптик Трансформациядагы айымдар, Кыргыз Интернет коому жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду биргеликте онлайн-маектешүү өткөрөт. «Кыздарга технологиялык мүмкүнчүлүктөр» деген аталыштагы онлайн-маектешүүнүн максаты, кыздарды, өзгөчө алыска айыл-аймактардагы кыз-келиндерди окууга жана технологиялык билим алууга шыктандыруу болуп саналат. Анда эл аралык жана жергиликтүү эксперттер жана ийгиликтүү айымдар өз тажрыйбаларын бөлүшүп, Борбор Азиядагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берет. Онлайн-маек бей-расмий форматта өтөт, ага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан кыз-келиндер Zoom  аркылуу катышса болот.

Программасы

  • Уюштуруучулар: Санариптик Трансформациядагы Айымдар эл аралык уюму, Кыргыз Интернет Коому жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду
  • Алып баруучу: Екатерина Громова, Талант Султанов

16:00 Ачылышы. Саламдашуу сөз

  • Роза Отунбаева, “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-президент
  • Эльвира Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
  • Алмазбек Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү министри
  • Нурия Кутнаева, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору

16:30 Ташкент-Бишкек «КМШ аймагындагы МКТдагы кыздар» телекөпүрөсү

  • Наталья Мочу, КМШ региону боюнча ITU аймактык директору
  • Екатерина Громова, Санариптик Трансформациядагы Айымдар уюмунун негиздөөчүсү

16:45 Баяндамалар “Борбордук Азиядагы айымдар жана кыздар үчүн МКТнын мүмкүнчүлүктөрү”

  • Шайна Крам, АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы
  • Ширин Айтматова, Эл аралык Айтматов фондунун вице-президенти, КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты
  • Гүлназ Корданова, Teach for Kazakhstan жана Connect-Ed.kz (Казакстан) негиздөөчүсү.
  • Елена Селезнева, Startup Accelerator, Tech4Impact компаниясынын негиздөөчүсү (Өзбекстан)
  • Жамал Фронтбек кызы, “Мутакалим” коомдук уюмунун жетекчиси
  • Банур Абдиева, Европа Биримдигинин DigiKonush долбоорунун координатору
  • Айзада Калканбекова, “Суусамыр FM” коомдук радиосунун директору жана kyrgyzmedia.kg маалымат сайтынын башкы редактору
  • Айдана Омурбаева, Relativity LLC компаниясынын DevOps инженери, IT Инфлюенсер
  • Айпери Ногойбаева, Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулар ассоциациясынын директорунун орун басары
  • Айпери Бозоева, “Санарип Тазалык” санариптик гигиена долбоорунун эксперти
  • Сапаргүл Абдинабиева, Европа Биримдигинин “Санарип Инсан” долбоорунун медиа эксперти
  • Айдай Аманкулова, Village Girl долбоорунун координатору
  • Кызжибек Батырканова, Кыргызстандын биринчи космостук программасынын жетекчиси.         Бул демилге Би-Би-Синин “Дүйнөдөгү эң таасирдүү жана шыктандыруучу 100 айым” глобалдык тизмесине киргизилген.

Талкулоо жана жыйынтыктоо. Конкурс