Келечекяин кесиптери

‍‍Бүгүнкү күндө кесиптер жана кесиптик компетенциялар өтө ыкчам ыргак менен өзгөрүп жатат. “Өмүр бою билим алуу” принциби буга чейин болуп көрбөгөндөй актуалдуу маселеге айланды. Эгерде мурда эмгек китепчесинде бир жумуш ордун көрсөтүү ийгилик катары бааланып келсе, азыр мындай көрсөткүч адам тез өзгөрүп жаткан дүйнөгө даяр болбогонун ырастап турат.
Келечекте суроо-талапка жооп берген кесипти азыртадан баштап өздөштүрбөсөңүз, сиздин ордуңузга роботтор же жасалма интеллект келиши мүмкүн, ошол себептен келечекте жумушсуз калышыңыз ыктымал.

Жумушчулардын 53% алдыдагы он жылда иши бир топ өзгөрөт же эскирет, ал эми 77% адам кайра окуудан өтүп, кесибин алмаштырат.

✨Албетте, Кыргыз Республикасында эмгек рыногундагы жагдай экономикасы өнүккөн өлкөлөрдөн бир кыйла айырмаланат. Европа өлкөлөрү, АКШ, Жапония бизден 20-30 жыл алдыда. Бирок ааламдашуу процесстери эмгек рыногун чексиз кылууда, сиз Кыргызстандын бир бурчунда жашап деле башка өлкөнүн эмгек рыногунда иштей аласыз.

Келечектеги кесиптер менен таанышуу үчүн солго жылдыргыла

Маалымат @youthofosh тарабынан иштелип чыккан «Кесиптер картасынан» алынган.