“Санарип Инсан” долбоорунун тренингдери Жалал-Абад облусунда

Жалал-Абад облусу өлкөнүн 17%ын түзүп, калкынын саны боюнча 1238.8 миллионду түзөт. Арсланбаб жаңгак токою, Сары-Челек көлү, Токтогул суу сактагычы, Кызыл-Үңкүр, Көк-Арт аттуу жаратылыш аймактары менен белгилүү болгон Жалал-Абад облусунун туристтик потенциалы абдан күчтүү. Бул болсо өз кезегинде жаштардын, кыз-келиндердин өлкөдөн чыкпай, санарип көндүмдөрдүн жардамы менен экономикалык шарттарын жакшыртууга шарт түзөт. “Санарип Инсан” долбоорунун окутуулары дал ушул  аймактардагы жаштардын, кыз-келиндердин санарип сабаттуулугун жогорулатуу максатында Жалал-Абад облусунда болду.

19-декабрь Жалал-Абад шаарында жаштар жана аялдар үчүн «Негизги санариптик көндүмдөр жана санарип туристик платформаларда иштөө» боюнча эки күндүк билим берүү тренингинин алгачкы күнү башталды.

Бул окутууларда өлкөгө ылайыкташтырылган MISTT методологиясы колдонулууда. MISTT (Mobile Internet Skills Training Toolkit)методологиясы -бул мобилдик интернеттин негизги көндүмдөрүн үйрөтүүчү колдонмо.

Катышуучулар тренерлерибиздин жардамы менен  санариптик базалык билимдерди алышып, Instagram, TikTok, Facebook, Google My Business, Whatsapp жана Telegram мессенджерлери сыяктуу социалдык тармактарды ишкердикте колдонууну үйрөнүштү.

Долбоор – айылдык жаштардын, аялдардын жана мигранттардын иш менен камсыз болуу потенциалын жогорулатууга багытталган.

Бул иш-чара “Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү” Санарип Инсан долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Аны “Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду (She Starts)” коомдук бирикмеси аткарууда.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.

Эки күндүк тренингдин жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды. Жалал-Абад облусундагы тренинг тууралуу аймактык телевидение “Жалал-Абад Медиаборбору”нун Youtube каналынан көрө аласыздар.