Мейманкана жана конок үйүн башкаруу системалары

Күнү: 23 декабрь
Сааты: 16:00

Достор, кезектеги вебинарыбыз “Мейманканаларды башкаруу жана көзөмөлдөө системаларын автоматташтыруу” темасында өтөт. Бизнести башкарууну жана көзөмөлдөө системаларын автоматташтыруу замандын талабы. Себеби күнүбүздөгү эң баалуу ресурс убакытты үнөмдөөгө, түшүнбөстүктөрдү алдын алууга жана кошумча киреше табууга жардам берет.

Мейманкананы башкаруу системасы же PMS (Property Management System) – бул документтер, бөлмөлөр жана резиденттер жөнүндө маалыматтардын эсебин жүргүзүүгө, ошондой эле мейманкана жетекчилеринин күнүмдүк ишин жөнөкөйлөтүүгө багытталган автоматташтырылган башкаруу тутумунун бир түрү.
Максаты: мейманкананы башкаруу системалары мейманкана кызматкерлеринин ишин автоматташтыруу үчүн жана чыгымдарды азайтуу үчүн иштелип чыккан. Глобалдык Резервация Системалары (GDS) менен автоматтык синхрондоштуруу системалары менен толукталган. Мейманкана жетекчилеринин жумушун жеңилдетүү максатында PMS тутумдары мейманкана конокторунун тизмеси жана финансылык отчёт тизмеси боюнча документтерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Вебинарыбыздын коногу Аймира Исмаилова мейманканалардагы бизнес процесстерин автоматташтыруу боюнча көз карандысыз эксперт Shelter, Travelline, Bnovo, BookingLite программалары тууралуу маалымат берет.

SHELTER — сиздин мейманкана, жатакана, ижарага бериле турган бөлмөлөр же санаторийлерди автоматтык түрдө башкарууга орусиялык адистер тарабынан иштелип чыккан система.
Бул башкаруу системасы төмөндөгү өндүрүмдөрүн сунуштайт:
Shelter Cloud;
Shelter Pro;
Shelter Lite;
Алдын ала буюртма модулу
Channel Manager.

TRAVELLINE мейманкана, санноторий, эс алуу базаларында бөлмөлөрдү онлайн сатуу жана башкаруу үчүн иштелип чыккан платформа.
Мүмкүнчүлүктөр:
Түз эле сайттан сатууну көбөйтүңүз. TL: Booking Engine Мейманкананын веб-сайты үчүн онлайн брондоо модулу.
TL: WebPMS серверлерден мейманканаларды автоматтык түрдө башкаруу системасы. Компонентти колдонууда мейманканада тынымсыз иштеп турган кымбат баалуу жабдуулар же атайын программалык камсыздоо талап кылынбайт. Дээрлик бардык заманбап компьютерлердин, ноутбуктардын, же планшеттердин браузерин колдонуп мейманканаңызды башкарыңыз.
TL: Channel Manager – бул бир жеке аккаунттан сатуу каналдарындагы бааларды жана бөлмөлөрдүн боштугун (жеткиликтүүлүгүн) башкаруу куралы. TL Manager’инин 100 дөн ашык каналдары бар, алардын сизге ыңгайлуусун тандап, жеке кабинетте башкарыңыз. Бул убакытты үнөмдөйт жана онлайн сатуудан түшкөн кирешени көбөйтөт.
Платформанын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуңуз. АСУ, CRM, онлайн төлөм системалары ж.б. 200дөн ашык даяр сервистер менен интеграция болот.

Bnovo: Мейманкананы башкаруу жеңилдиги, онлайн сатууну көбөйтүү, түздөн-түз буюртмаларды алуу бирдиктүү чечими.
BookingLite – мейманкана бизнесин автоматташтыруу. Мүмкүнчүлүктөрү:
PMS BookingLite – мейманкнаңызды башкаруу жана кардарларыңызды тейлөөнү автоматташтыруу.
PMS BookingLite төмөнкү модулдарды туташтыруу үчүн негиз болуп саналат: Канал менеджери, онлайн алдын-ала буюртма модулу. sms / электрондук почта модулунуну эскертмелери.
Channel manager. Номерлерди онлайн сатууну башкаруунун ыңгайлуу куралы, квоталар, баалар жана номерленген каражаттар тууралуу маалыматты өзгөртүү үчүн Channel Manager’ди колдонуп, бардык маалыматтарды бир интерфейсте башкарасыз.

Booking Engine. Сайттан түз сатуу. Ортомчулар жана которуулар жок, мейманкана жана кардардын ортосунда келишим түзүлөт. Брондолгондон кийин номер бардык сатуу каналдарынан автоматтык түрдө сатуудан алынып салынат.
Bluetooth кулпусун башкаруу модулу. Жаңы муундагы электрондук кулпулар. MIFARE стандартындагы кулпуларды, пластикалык ачкыч карталарын колдонууну көзөмөлдөө.
Мобилдик колдонмо. Мейманканаңызды жолдо баратып алыстан туруп башкарыңыз. Бардык алдын ала буюртмаларды бир колдонмодон башкаруу мүмкүнчүлүгү.