“Санарип Инсан” START-UP конкурсун жарыялайт!

 “Жаштардын, айрыкча жаш айымдардын капиталы жетишсиз болгон бизнес-долбоорлорду түзүү үчүн алдыңкы санариптик билимдерди жана көндүмдөрдү пайдалануудагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аталышында өткөрүлөт жана туруктуу бизнес-моделдерди иштеп чыгууга жана колдоого багытталган.

START-UP төмөнкү багыттар боюнча жарыяланат:

IT чечимдери: санариптик платформалардын негизинде социалдык жана туристтик кызматтарды түзүү;

Билим берүү тармагы: билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө даярдоо;

Электрондук бизнес: сатуунун деңгээлин жогорулатуу, маркетингди оптималдаштыруу, кардарларды тейлөөнү жакшыртуу, электрондук-бизнес чөйрөсүндөгү бизнес-долбоорлор;

Жасалма интеллект: жасалма интеллект платформаларынын негизинде бизнес-долбоорлор.

Жалпы байге фонду: 25000€

ЭСКЕРТҮҮ: 1️ START-UP долбоорго max: 5️000€ берилет.