Онлайн вебинар: “Санариптешкен Айыл чарба”

Күнү: 30-май 2023-ж.

Сааты: 16:00

Спикер: Кожомбердиев Жыргалбек Алтымышович «CAMP Алатоо» коомдук фондунун Айыл чарба тармагында санарип ыкмаларды колдонуу жана инновациялык технологиялар боюнча эксперти.

Калкыбыздын көпчүлүгү айыл жергесинде мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенгендиктен Кыргызстан агрардык өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Жумушчу күчүнүн 40 пайызга жакыны айыл чарбада иштеп, бул ички дүң продукциянын 20 пайызын түзөт. Ошондуктан кезекетеги вебинарда айыл чарба тармагындагы санариптешүү тууралуу маек курабыз. Санариптештирүү – өлкөнүн, анын ичинде  айыл чарбасынын өнүгүүсүнүн негизги вектору болуп саналат.

Заманбап айыл чарба революциясы өндүрүмдүүлүктү жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу менен бирге кол эмгегинин көлөмүн жана чыгымдарды азайтуучу алдыңкы маалыматтык технологияларды (IT) киргизүүнү камтыйт. Бүгүнкү күндө айыл чарбасында маалыматтык технологиялады колдонуу компьютерлер гана эмес. Санариптик технологиялар өсүмдүк өстүрүүнүн же мал чарбачылыгынын толук циклин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет – “акылдуу” түзүлүштөр кыртыштын, өсүмдүктөрдүн, микроклиматтын параметрлерин өлчөйт жана өткөрүп берет. Мобилдик же онлайн тиркемелер дыйкандарга жана агрономдорго айыл чарба өсүмдүктөрүн  отургузуу же түшүм жыйноо үчүн ыңгайлуу убакытты аныктоого, жер семирткичтердин схемасын эсептөөгө, түшүмдү болжолдоого  ж.б. үчүн жардам берет.