Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү Кыргыз Республикасында жаштардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат

Интренет Коомунун Кыргыз бөлүмү приоритеттүү тематикалык “жаштар үчүн санариптик көндүмдөр”тармагында жаштар үчүн татыктуу жумуш орундарын түзүү боюнча глобалдык демилгеге жаңы эле кошулду. Уюм Кыргыз Республикасында жаштар үчүн бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттенет.

Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү 2015 – жылы Интернеттин глобалдык техникалык инфраструктура, адамдардын жашоосун байытуучу ресурс жана коомдогу жакшылыктын күчү катары өнүгүшүн колдоо максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

Уюм өлкөнүн алыскы тоолуу райондорунда коомдук интернет-тармактарды түзүүгө жардам берет, жаштардын татыктуу билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн чечимдерди иштеп чыгат, ошондой эле жаштар, аялдар жана кызыкдар тараптар үчүн өз миссиясын аткаруу үчүн үзгүлтүксүз тренингдерди өткөрөт.

Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн ишмердүүлүгү”жашыл” экономикада санариптик көндүмдөрүн өркүндөтүү жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен Кыргыз Республикасынын айыл конуштарындагы аялдар менен жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган “Санарип Инсан” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Айыл жериндеги жаштар техникалык, маалыматтык технологиядагы “жумшак” көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча аймактык окутуудан өтүшөт.

Жалпысынан 100,000 айыл жеринде жашаган 15-29 жаштагы улан-кыздар, ошондой эле билим деңгээли төмөн жана/же мектепти таштап кеткен жаштар билим алышат. Долбоордун алкагында жаштар 2024-жылдын мартына чейин санариптик көндүмдөрдү үйрөнүшөт жана негизги санариптик сабаттуулукка ээ болушат. Долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланат.

Иш жүзүндө, долбоор ишкердикти өнүктүрүү программаларын ишке ашырат, алар окутуунун ар кандай түрлөрүн, анын ичинде маалыматтык технологиялар көндүмдөрдү машыктыруу жана насаатчылык сыяктуу колдоочу кызматтар менен айкалыштырат. Иштин негизги көлөмү төмөнкү иш-чараларга негизделет: жергиликтүү блоггерлерди жана популярдуу социалдык тармактарды тартуу менен Медиа-кампаниялар, санариптик сабаттуулукту жана “жашыл” көндүмдөрдү өнүктүрүү, креативдүү стартаптарды ишке киргизүүнүн жолдору, чакан бюджети бар электрондук бизнес моделдерин өнүктүрүү ыкмалары жана санариптик технологиялар жаатындагы лидерлер жана эксперттер өткөргөн ар кандай этаптарда онлайн жана бетме-бет тренингдердин жардамы менен баштапкы капиталды тартуу боюнча кеңештер.

Жаш аялдар электрондук коммерция, санариптик туризм, Электрондук Айыл чарба же электрондук бизнес боюнча билим алуу менен санариптик экономикага катышууга жана андан пайда алууга чакырылат.

Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына SG 5 (гендердик теңчилик) жана SDG 8 (татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш) максаттарына жетишүүгө көмөк көрсөтөт.

“Жаштар үчүн татыктуу жумуш орундары” глобалдык демилгеси жана 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн күн тартиби.

“Жаштар үчүн татыктуу жумуш орундары” программасы 2016-жылы 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү күн тартибинде борбордук орунду ээлеген жаштарды жумушка орноштуруу маселесин чечүүгө багытталган БУУнун жалпы тутумдук демилгеси катары башталган. Ал өкмөттөрдү, социалдык өнөктөштөрдү, жеке секторду, жаштар жана жарандык коом уюмдарын жана башка уюмдарды бириктирген глобалдык көп тараптуу демилгеге айланды. Алар биргелешип билим бөлүшүшөт, ресурстарды тартышат жана жаштарды дүйнө жүзү боюнча татыктуу жана жемиштүү жумушка орношууга колдоо көрсөтүү үчүн өлкө жана регионалдык чараларды көрүшөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот:

Азиз Солтобаев Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн долбоорлорунун координатору, [email protected]

Талант Султанов Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн төрагасы, МКТ боюнча эксперт, [email protected]

Жаштар үчүн татыктуу жумуш орундарын түзүү боюнча глобалдык демилге: [email protected]