Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү расмий түрдө ITU’нун Partner2Connect прогораммасына кошулду

“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” коомдук бирикмеси Эл Аралык Электр байланыш союзунун (ITU) Partner2Connect программасына кошулгандыгын сыймыктануу менен билдирет. Бул программанын алкагында уюм 500 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоо суммасы менен Кыргыз Республикасындагы айыл жаштарына жана аялдарга санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү милдеттенмесин алды.
Кыргыз Республикасындагы айылдык жаштар үчүн санариптик көндүмдөрдүн маанилүүлүгүн айтпай коюу мүмкүн эмес. Акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын калкынын 50% дан ашыгы айыл жергесинде жашайт жана калктын кыйла бөлүгүн аялдар жана жаштар түзөт. Алар көбүнчө шаардык кесиптештери менен бирдей ресурстарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес, бул жагдай өз кезегинде санариптик көндүмдөрдү алардын экономикалык туруктуулугу үчүн өтө маанилүү кылат.
Санариптик көндүмдөр Кыргызстандагы айыл жаштарынын экономикалык туруктуулугун бир кыйла жогорулатат. Мисалы, санариптик көндүмдөргө ээ болуу менен айыл жериндеги жаштар өз бизнесин баштап, дүйнөлүк рыноктун артыкчылыктарын пайдалана алышат. Мындан тышкары, санариптик көндүмдөр жаштарга жумуш табууга, билим берүү ресурстарына жетүүгө жана өз жамааттары менен байланышта болууга жардам берет.
Эл аралык электр байланыш союзу (ITU) -Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемеси жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларга байланыштуу бардык маселелер үчүн жооп берет. Partner 2 Connect программасы – ЭЭУ (ITU) мүчөлөрүн, жеке сектор компанияларын жана башка уюмдарды санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана калкты интернетке туташтыруу үчүн бириктирген платформа.
Жыйынтыктап айтканда, “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” коомдук бирикмеси, ITU’нун Partner 2 Connect программасына кошулуп, 500 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоо көлөмү менен Кыргыз Республикасынын айыл жаштарына жана аялдарына санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү милдеттенмесин алган, бул өз кезегинде санариптик ажырымды жоюуга жана айыл жериндеги жаштарга Интернетке жетүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө чоң кадам болуп саналат.