“Санариптик көндүмдөрдү жогорулатуу аркылуу айылдык жаштардын, аялдардын жана мигранттардын иш менен камсыз болуу потенциалын жогорулатуу” тегерек столу. Санарип Инсан долбоорунун бет ачары

2022-жылдын 31-мартында Бишкек шаарындагы «Парк Отель» мейманканасында «Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү» форуму менен бирге «Санарип Инсан» долбоорунун ачылыш аземи өттү. Тегерек стол гибриддик форматта өтүп, 80ден ашык мамлекеттик жана жеке сектордун кызматкерлери оффлайн катышса, чет өлкөлүк өнөктөштүрүбүз жана айыл-аймактардагы жарандарыбыз онлайн катышты. 

«Санарип Инсан» долбоору аялдардын, жаштардын, мигранттардын жана коомдун аярлуу катмарынын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, талап кылынган кесиптерге үйрөтүүгө багытталган. Ошондой эле, маалымат кантип издөө, санариптик платформаларды колдоно билүү, социалдык баракчалардагы функцияларды колдонуу, эсептик операцияларды жүргүзүү, онлайн соода кылуу жана ишкердик жасоодо маалыматтык технологияларды колдонууга үйрөтөт. Долбоор 100 000 жаранды камтууну пландап жатат.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Кыргыз Интернет Коому» (Айсок) бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.

Видео отчет          Сүрөттөр          Презентациялар

Пост-релиз           Программа             Пресс-релиз

Тегерек стол жумуштук конференция жана кыргыздын улуттук салты менен коштолду. Форумдун башталышында алты жаштагы манасчы «Манастан» бир нече үзүндү айтып берди. Андан соң, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү Раймондс Вингрис кичинекей манасчыны кыргыздын салты боюнча «тушоосун кести.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков «Санарип Инсан» долбоорунун бардык аспектилери менен таанышып чыгып, өлкө калкынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу үчүн кызматашууга абдан кызыкдар экенин билдирди. 

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев санариптик сабаттуулук келечекте жарандарга өз мекенинде туруп эле чет өлкөлүк компаниялардан санариптик тейлөөлөрдү импорттоого мүмкүнчүлүк берет деди.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов да «Санарип Инсан» долбоору менен кызматтушууга даяр экенин айтып, калктын санариптик билимин жогорулатып, туруктуу өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. «Биз жакырчылыкты жоюуга, сапаттуу билим берүүгө жана санариптик көндүмдөр аркылуу туруктуу өнүгүүгө маани беришибиз керек. Билим берүү министрлиги менен бирге бир нече министрликтер жарандардын санариптик көндүмдөрүнө, маалыматтык сабаттуулугуна абдан көп күч-аракет жумшап жатат. Баарыңыздарга маалым болгондой, учурда жалпы башталгыч билим берүүгө мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык долбоор даярдалып жатат. Ал жерде санариптик көндүмдөрдүн калыптануусу жана жашыл экономика тууралуу билим берүү тапшырмасы бар.

Ошондой эле, форумга интернеттин негиздөөчүсү жана Google дун вице-президенти Винтон Серф да каташып, ал потенцияалдуу калкка ээ болуу үчүн коомдун аярлуу катмарын санариптик көндүмдөргө үйрөтүү зарылдыгын айтып өттү.

Долбоордун координатору жана Европалык Коңшулук Кеңешинин (European Neighborhood Councils – ENC) изилдөөчүсү Мария Бевза «Санарип Инсан» долбоорун ишке ашыруу жолдору тууралуу сөз сүйлөп, долбоор белгиленген максатка ылайык 2 жыл аралыгында ишке ашарын кошумчалады.

Раймондс Вингрис

Европа Биримдигинин
Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү

Нурдоолот Базарбаев

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары

Уланбек Мамбетакунов

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары

Союзбек Надырбеков

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары

Мария Бевза

Долбоордун координатору жана Европалык Коңшулук Кеңешинин (European Neighborhood Councils – ENC) изилдөөчүсү

Винтон Серф

Интернеттин негиздөөчүлөрүнүн бири жана Google компаниясынын вице-президенти

Жаштардын жана аялдардын коомдук бирикмелернен, атап айтканда SheStarts, Мутакалим, Открытая Линиядан дагы өкүлдөр катышты. Алар өз сөзүндө экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигин алдыга сүрөө жана аялдардын жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ой бөлүштү.

Форум «Санарип Инсан» долбоорунун ачылуу аземи менен коштолуп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маалымат каражаттары жана бенефициарлар катышты. Алар Кыргыз Республикасынын калкын максималдуу алдыга жылдырууда алардын санариптик сабаттуулуктарын жогорулатуу багытында иштешүүгө келишти.

<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/vWF1Ss7n12Q” title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture” allowfullscreen></iframe>

Учурдан пайдаланып, иш-чарага катышканыңыз жана жалпы максаттарга жетүү үчүн кызматташууга кызыкканыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Убакыттыңыз, ресурстарга жана көңүл бурганыңыз үчүн рахмат!
Биз сиздин пикириңизди социалдык баракчаларда алууга кубанычта болобуз.
World Email In Fb Ig Yt Whatsapp Telegram

 

Долбоор боюнча кошумча маалыматты төмөнкү телефон аркылуу алса болот:
+996 755 330 335 жана e-mail:  [email protected]

«Бул <веб сайт/кат> Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул басылманын мазмуну Европалык Коңшулук Кеңешинин (ENC) / “Айсок Кыргызстан Интернет Коому” коомдук бирикмесинин жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.