“Санарип Инсан” долбоорунун Электрондук коммерция боюнча тренинги Талас шаарында

“Санарип Инсан” долбоорунун аймактардагы окутууларынын экинчи айлампасы 28-март күнү Талас шаарында уланды.

Санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган тренингдер бул ирет “Электрондук коммерция” тууралуу болууда. Атап айтканда, тренингдин катышуучулары иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видеого тартууну (мобилография), монтаждоону, алардын тексттик сыпаттамасын түзүүнү (копирайтинг) жана ар түрдүү электрондук аянтчаларга жайгаштыруу форматтарын өздөштүрүп жатышат.

Талас шаарындагы тренингге жалпы 30дан ашык кыз-келиндер, жаштар катышты. Тренинг учурунда катышуучулар практика жүзүндө өз товарларын сүрөткө тартып, интернетке жайгаштырып, өз кардарларына сунуш кылышты. Окутуулардын соңунда катышуучулардын баары “Элоктрондук коммерция” боюнча билимин жогорулатканы боюнча сертификаттарга да ээ болушту.

“Санарип инсан” долбоорунун тренингдерин уюштурууда көмөктөшкөнү үчүн Талас Мамлекеттик университети жана бүтүрүүчүлөр ассоциациясына ыраазычылык билдиребиз.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.