Кантип salesforce адиси боло аласыз?

Күнү: 28 февраль
Сааты: 16:00

Спикер: АКШнын Сан-Франциско штатындагы эн ири IT компаниялардын бири болгон Salesforce компаниясына кызмат көрсөтуп иштеген мекендешибиз Сейитбек Усманов
Салам достор! Акыркы убакытта көпчүлүк “Кантип кесибимди алмаштыра алам?” “Кантип IT адиси боло алам?” “IT адиси болуу өтө оор” деген ойдо болуп келет. IT адиси болуунун оңой да, оор да жолу бар. Бул тууралуу көптөгөн талкуулар болуп келет. Бүгүнкү күндө Salesforce адистигинин өтө тез темпте популярдуулугу өсүүдө. Ошондуктан “Санарип Инсан” долбоорунун кезектеги вебинары “Кантип Salesforce адиси боло аласыз?” темасында болот. Вебинардын коногу АКШнын Сан-Франциско штатындагы эн ири IT компаниялардын бири болгон Salesforce компаниясына кызмат көрсөтуп иштеген мекендешибиз Сейитбек Усманов болмокчу.

Salesforce булут платформасын колдонуу менен бизнес процесстерин автоматташтырган адис. Salesforce бизнес муктаждыктарына эки жол менен ылайыкташтырылышы мүмкүн – конфигурациялоо жана кардарлардын суроо-талаптарына карата ылайыкташтыруу аркылуу. Salesforce администраторлору колдонуучуларга отчетторду иштеп чыгууга жана сырсөздөрдү калыбына келтирүүгө, берилиштердин сапатын сактоого, талааларды кошууга жана резервдик көчүрмөлөрдү жасоого чейин ар кандай тапшырмаларды аткарууга жооптуу.