Python программалоо тили курсун иштеп чыгуу боюнча кыска мөөнөттүү Консультант

“Санарип Инсан” долбоору жөнүндө: “Жаштардын бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун илгерилетүү” долбоору (мындан ары “Санарип Инсан”) “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” (мындан ары Айсок) коомдук бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен ишке ашырылып жатат. “Санарип Инсан” аймактарда жашаган жаштар жана аялдар арасында санариптик жана жашыл экономика жаатында билим жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор ошондой эле маалымат каражаттары жана социалдык тармактар менен кызматташтыкта санариптик сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу үчүн маалыматтык иш-чараларды камсыз кылат; билим берүү секторунун өкүлдөрү менен окутуу материалдарын адаптациялоо жана иштеп чыгуу, ошондой эле жаштарды санариптик платформаларда иштөөгө үйрөтүү үчүн кызыкдар тараптар жана мамлекеттик органдар менен биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, мисалга алсак, электрондук өкмөт, электрондук соода жана санариптик экономика сыяктуу. Долбоордун узак мөөнөттүү максаттары 2030-жылдагы туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык жаштардын корголушунун көрсөткүчтөрүн жакшыртуу болуп саналат. 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, ошондой эле 2021-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясына ылайык, өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири-билим берүүнү санариптештирүүгө багыттоо, анын ичинде билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде электрондук окутууну калыптандыруу шарттарын түзүү жана санариптик кадрларды даярдоо. 

Жогоруда белгиленген факторлордун негизинде  “Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү ” Python программалоо тили курсун иштеп чыгуу боюнча кыска мөөнөттүү консультант” кызмат ордуна кызыктар тараптардын арасында сынак жарыялайт. 

Тапшырмалар

Кеңешчи “Python курсунун мазмуну” 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн темалар боюнча кыргыз тилинде санариптик окутуу курстарын даярдап, иштеп чыгат. Курстун программасы кыргыз тилиндеги кыска 15-30 мүнөттүк видеороликтерден, онлайн платформаларда (Learning management systems) курстан өтүү үчүн кеңири аудиторияга багытталган тексттик жана тесттик материалдардан турат. Даяр материалдар Moodle LMS  сыяктуу окутууну башкаруу системаларына экспорттоо ылайыкташтырылышы керек.

Бул тапшырманын алкагында иштелип чыккан бардык материалдар “Санарип Инсан” долбоорунун менчиги болуп саналат жана долбоор менен макулдашуу боюнча гана үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Күтүлгөн натыйжалар

Окуу видеолорун көрүүнүн натыйжасында, курстун потенциалдуу угуучусу жумушка орношкондо портфолиого кошумча тиркеле турган, курстун сертификаты менен тастыкталган төмөнкү билимге жана көндүмдөргө ээ болушу керек:

  • Python программалоо тилинин негиздерин так билүүсү;
  • Python маалымат структуралары жана негизги синтаксис;
  • Шарттар жана циклдар боюнча логика;
  • Python коллекцияларды колдонуу: тизмелер, сөздүктөр ж.б.

 

Потенциалдуу талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериш керек:

  • Программалоону жана программалоо тилдерин (Python);
  • Маалыматтык-технологиялар секторунда тажрыйбасы бар;
  • Программалоо боюнча тренингдерди өткөрүү боюнча 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар;
  • Маалыматтык технологияларда жана программалоо боюнча окутуу тренингдеринде долбоорлор менен иштөө тажрыйбасы;
  • Текстти редакциялоо, видео материалдарды монтаждоо көндүмдөрүнө ээ;
  • Оозеки, жазуу жана окутуу коммуникативдик көндүмдөрү;
  • Кыргыз тилин мыкты деңгээлде  билүүсү керек.
  •  

Ишке ашырылган жери – Бишкек шаары.

Отчёттулук жана координациялоо 

Бул техникалык тапшырманы аткарууда Кеңешчи “Санарип Инсан” долбоорунун координаторуна отчёт берет. Кеңешчи координаторго тапшырманы аткаруунун жүрүшү жана ишти аткаруу процессинде пайда болгон ар кандай кыйынчылыктар жөнүндө маалымдап турушу керек. 

Келишим формасы

Келишимдин мөөнөтү 2023-жылдын 6-мартынан 30-апрелине чейин. Акы төлөнүүчү иш күндөрүнүн саны-15 күн.  Келишимдин артыкчылыктуу формасы-жарандык-кызмат көрсөтүү боюнча укуктук келишим, бул арыз ээсинен жеке ишкер же юридикалык жак катары катталууну талап кылат.

Төлөм ыкмасы

Көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө Курсту иштеп чыгуу боюнча жана тестирлөөдөн кийин берилген эсептин жана көрсөтүлгөн кызматтарды накталай эмес эсептешүү боюнча кабыл алуу актысынын негизинде төлөө эсебинде көрсөтүлгөн аткаруучунун эсептешүү эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төлөм тапшырмасы менен жүргүзүлөт. Бул тапшырма боюнча бардык салыктык жана социалдык чегерүүлөр келишимдин суммасына киргизилет жана аткаруучунун милдети болуп саналат. Отчёттуулук жөнүндө маалымат кошумча берилет.

Конкурсттук табыштамаларды берүүнүн шарттары Документтредин пакети “Python боюнча Кеңешчи” аталышы менен 2023-жылдын 3-март саат 12:00 го чейин [email protected]  электрондук дарегине жөнөтүлүшү шарт.

Өтүнмөлөрдү тандоо

Оптималдуу чыгым ыкмасынын негизинде, Кардар төмөнкү айкалыштарды эске алуу менен экспертти тандайт:

(а) иштин көлөмүн ишке ашыруу үчүн жетиштүү квалификацияга, билимге жана көндүмгө (70%) жана

(b) финансылык сунуш (Жалпы баалоо баллынын 30%).

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү номерге чалыңыз же вотсап аркылуу байланышыңыз  0755330335