Онлайн вебинар “Потребность кыргызоязычного контента на Ютубе”

YouTube is one of the main sources of information today and can also be called the modern «television.» Its concept is similar to it, with thousands of channels available. The difference lies in the fact that these channels are created by users, who can easily exchange video content on various topics.

On YouTube, there is an abundance of movies, documentaries, music videos, home videos, and live event streams. The availability of such diverse content makes it a popular platform for various interests. Some home videos, in particular, have the potential to become viral, leading unknown individuals to gain «instant fame» due to their sudden popularity. YouTube’s vast reach and ease of sharing content contribute to this phenomenon, allowing unique and entertaining videos to quickly capture the attention of a global audience and propel their creators to internet stardom.

At the same time, there is a lack of YouTube channels that contain high-quality, useful and most importantly, the content in the Kyrgyz language.

The first Kyrgyz-language YouTube channel in Kyrgyzstan to achieve the «Golden Button» award back in 2019 is the «Solo Media» channel. For the upcoming webinar, we have invited the founder of this YouTube channel, Kunduz Kazybek Kyzy, to be the speaker.

We will have a conversation with Kunduz on the topic of «Kyrgyz-language content,» discussing how to create engaging and useful content in our native language.

See you at the webinar, friends!

Проект «Санарип Инсан» объявляет о конкурсе Start-Up!

It is held to «empower young people, especially young women, to utilise advanced digital knowledge and skills to create under-capitalised business projects» and aims to develop and support sustainable business models.

The startup is announced in the following areas:

IT solutions: creating social and tourism services based on digital platforms;

Education sector: preparing to enhance education and digital skills;

E-business: increasing sales, optimising marketing, improving customer service, e-business business projects;

Artificial Intelligence: business projects based on artificial intelligence platforms.

Total prize fund: 25000€

Note: 1 tstartup project is given out maximum: 5-000€.

Проект «Санарип Инсан» подписал меморандум с Министерством образования и науки о повышении уровня цифровых навыков молодежи в Кыргызской Республике.

Бүгүн, 20-июль 2023-ж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен «Санарип Инсан» долбоорунун ортосунда жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу бобнча меморандумга кол коюлду.

Меморандумга кол коюу аземине билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев жана «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн» тең негиздөөчүсү, «Санарип Инсан» долбоорунун координатору Азиз Солтобаев катышты.

Маалыматтык технологиялар биздин күнүмдүк жашообузда барган сайын маанилүү орунду ээлеп жатат. Өзгөчө бул чөйрөдөгү кесиптер эң көп акы төлөнгөн кесиптердин катарында. Бул багыттагы кесиптин ээси болуш үчүн санариптик сабаттуулукка ээ болушубуз керек.

Санариптик сабатсыздыкты жоюуда кыргыз тилдүү жарандарыбыз тоскоолдуктарга туш болуп келет. Себеби, окуу материалдарынын көпчүлүгү англис жана орус тилдеринде.

Бул көйгөйдү чечүү максатында «Санарип Инсан» долбоору КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин сунуштамасы менен Python программалоо тилин кыргыз тилинде иштеп чыкты.

Программалоо менен таанышып, IT тармагындагы кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоону каалаган жаштар үчүн 70тен ашык видеосабактар жана атайын материалдар түзүлдү.

Мындан сырткары, калктын негизги санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатында жана меморандумдун негизинде «Санарип Инсан» долбоору:

«Microsoft» компаниясынын «Санариптик сабаттуулук» окуу курсун кыргыз тилинде иштеп чыгат.

Ошондой эле «Мобилдик интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү курал» колдонмо китеби жарык көрөт.

Юридические Вопросы Интеграции Цифровых Доказательств в Уголовное Процессуальное Законодательство Кыргызской Республики

Юридические вопросы интеграции цифровых доказательств в уголовное процессуальное законодательство

Изилдөөнүн негизги максаты санариптик далилдердин укуктук табиятын, алардын юридикалык жактан маанилүү өзгөчөлүктөрүн комплекстүү изилдөө, ошондой эле Киберкоопсуздук Стратегиясынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жазык сот адилеттиги системасында аларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды түзүү болуп саналат.

Жогоруда айтылган максаттарга жетүү үчүн изилдөөнүн алкагында төмөнкү милдеттер коюлган:

  1. санариптик далилдердин концепциясынын теориялык негиздерин жана укуктук табиятын изилдөө, санариптик далилдердин юридикалык маанилүү белгилерин жана аларды пайдалануунун жалпы таанылган стандарттарын аныктоо;
  2. санариптик далилдерди колдонуу боюнча жазык-процесстик мыйзамдарга жана укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзүү;
  3. санариптик далилдер менен иштөө үчүн адистин жана эксперттин атайын билимдерин колдонуунун өзгөчөлүктөрүн изилдөө;
  4. санариптик далилдерди Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына интеграциялоонун укуктук маселелерин кароо.

Жогорудагы милдеттердин ар биринин алкагында биз негизги тыянактардын жана корутундулардын кыскача баяндамасын, ошондой эле андан ары карап чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды бердик. Изилдөөнүн практикалык натыйжасы катары Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын кароосуна сунушталган ченемдик-укуктук документтердин долбоорлорун иштеп чыктык.

Бул изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, биз төмөнкүлөрдү айта алабыз:

1.Санариптик далилдер юридикалык термин жана санариптик маалыматтын процессуалдык жана укуктук статусун мүнөздөйт.

2.Санариптик маалымат – адамдын кибермейкиндиктеги санариптик изин материалдаштыруунун бир түрү.

3.Санариптик далилдер бир катар юридикалык жактан маанилүү өзгөчөлүктөргө ээ (санариптик маңыз, абстрактуулук, ортомчулук, чечмелөө жөндөмдүүлүгү, морттук, көчүрүүдө чектелбегендик, формалардын көп түрдүүлүгү, квалификациялуу кайрылуу). Аларга:

  • Санариптик далилдердин бүтүндүгүн жана аныктыгын камсыз кылуу;
  • Санариптик далилдер менен иштөө процессин документтештирүү;
  • Адисттерди колдоо;
  • Алгачкы текшерүү органдарынын квалификациясы;
  • Укуктук жөндөмдүүлүк.

Жалпысынан, сот адилеттиги системасында колдонулган техникалык каражаттар жазык жоопкерчилигинин жана жазанын индивидуалдаштыруу жана жеке мүнөздөгү принциптерине кызмат кылышы керек (КР КК 7 жана 8-беренелери), адамдын эркиндигин чектебестен, иш үчүн мааниси бар жагдайларды далилдөөгө жана конкреттүү иштин алкагында сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүшү керек.

Санариптик далилдерди КР Жазык-процесстик мыйзамдарына интеграциялоо бир катар принципиалдуу маселелердин чечими менен коштолууга тийиш:

  • Кылмыш-жаза кодексинде кылмыш иши боюнча далил булактарынын системасында санариптик далилдердин орду аныкталууга тийиш.
  • Жазык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө жеке турмуштун сырынын кол тийбестигинин конституциялык – укуктук кепилдиктерин сактоо, ал эми айрым учурларда, анын ичинде тергөөнүн үстүнөн соттук контролду жүзөгө ашыруу маселелеринде тергөө сотторунун статусун күчөтүү аркылуу кеңейтүү зарыл.
  • Укуктук статусту, укуктарды жана милдеттерди, ошондой эле санариптик маалыматтын провайдерлери менен, анын ичинде Кыргызстандын юрисдикциясынын чегинен тышкары жактагылар менен коммуникациянын алгылыктуу ыкмаларын юридикалык жактан туура аныктоо зарыл.
  • Далилдердин жол берилишин аныктоонун колдонуудагы критерийлери санариптик далилдерге гана тиешелүү жаңы критерийлер менен толукталууга тийиш.

Санариптик далилдер КР Жазык-процесстик мыйзамдарына 2 ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу аркылуу киргизилиши мүмкүн:

  • КР ЖПКга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам (санариптик далилдерди колдонуу үчүн юридикалык базаны түзөт);
  • Санариптик далилдерди чогултуу, алып коюу, сактоо жана баалоо эрежелери (санариптик далилдерди чогултууда, сактоодо жана экспертизалоодо тартылган адамдардын кадамдык аракеттерин регламенттейт).

Изилдөөнү аткаргандар: Талант Султанов, Жанарбек Мураканов, Айпери Бозоева, Жамиля Акматбаева, Нурбек Арзымбаев

Онлайн вебинар “Цифровой фермер”

Digital technologies are increasingly penetrating all spheres of human life, and agriculture, which is the primary sector of the economy for our country, is no exception.

Digital technologies help reduce the environmental burden in agriculture and enhance the efficient utilization of natural resources.

The digitization of the agro-industrial complex aims to prevent crop losses due to unpredictable weather conditions, eliminate deficiencies related to sowing, harvesting, and storing crops, enable real-time monitoring of agricultural areas, reduce theft of material assets, fuel, plant protection products, and seeds, as well as facilitate prompt product distribution or government support.

At the upcoming webinar, we will discuss the benefits of digitization for farmers, the latest developments in this field, the problems that need to be addressed, and the expected outcomes. Our guest for this webinar will be Tilek Toktogaziev, the chairman of the «Momo» Association.

Digital technologies are revolutionizing various aspects of human life, including the agricultural sector, which plays a crucial role as the primary sector of our economy. By harnessing the power of digital innovations, we can significantly reduce the environmental impact of agriculture while maximizing the efficient utilization of natural resources.

The primary objective of digitizing the agro-industrial complex is to mitigate crop losses caused by unpredictable weather conditions. Furthermore, it aims to address deficiencies related to crucial agricultural processes such as sowing, harvesting, and crop storage. Real-time monitoring of agricultural areas empowers farmers to make informed

Изучаем язык программировния Python

To this date, almost our entire life takes place online: we go shopping, learn, work and spend leisure time on the internet. That’s why IT specialists, often skilled in multiple programming languages, are in high demand.

If you’re unsure which programming language to choose from the multitude of available, we recommend participating in our webinar next monday. During the webinar, we will discuss the study of Python language, which has become the most used and easy to learn programming language in 2022. We’ll talk about the secrets behind Python’s popularity, its advantages and areas of application, and how it differs from other programming languages. 

The guest for the webinar will be Murat Zhumashev, the author of the Python programming language course for the “Sanarip Insan” project.

Кыргызское Отделение Интернет Общества берёт на себя обязательства по развитию цифровых навыков молодежи в Кыргызской Республике

Интренет Коомунун Кыргыз бөлүмү приоритеттүү тематикалык «жаштар үчүн санариптик көндүмдөр»тармагында жаштар үчүн татыктуу жумуш орундарын түзүү боюнча глобалдык демилгеге жаңы эле кошулду. Уюм Кыргыз Республикасында жаштар үчүн бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттенет.

Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү 2015 — жылы Интернеттин глобалдык техникалык инфраструктура, адамдардын жашоосун байытуучу ресурс жана коомдогу жакшылыктын күчү катары өнүгүшүн колдоо максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

Уюм өлкөнүн алыскы тоолуу райондорунда коомдук интернет-тармактарды түзүүгө жардам берет, жаштардын татыктуу билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн чечимдерди иштеп чыгат, ошондой эле жаштар, аялдар жана кызыкдар тараптар үчүн өз миссиясын аткаруу үчүн үзгүлтүксүз тренингдерди өткөрөт.

Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн ишмердүүлүгү»жашыл» экономикада санариптик көндүмдөрүн өркүндөтүү жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен Кыргыз Республикасынын айыл конуштарындагы аялдар менен жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган «Санарип Инсан» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Айыл жериндеги жаштар техникалык, маалыматтык технологиядагы «жумшак» көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча аймактык окутуудан өтүшөт.

Жалпысынан 100,000 айыл жеринде жашаган 15-29 жаштагы улан-кыздар, ошондой эле билим деңгээли төмөн жана/же мектепти таштап кеткен жаштар билим алышат. Долбоордун алкагында жаштар 2024-жылдын мартына чейин санариптик көндүмдөрдү үйрөнүшөт жана негизги санариптик сабаттуулукка ээ болушат. Долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланат.

Иш жүзүндө, долбоор ишкердикти өнүктүрүү программаларын ишке ашырат, алар окутуунун ар кандай түрлөрүн, анын ичинде маалыматтык технологиялар көндүмдөрдү машыктыруу жана насаатчылык сыяктуу колдоочу кызматтар менен айкалыштырат. Иштин негизги көлөмү төмөнкү иш-чараларга негизделет: жергиликтүү блоггерлерди жана популярдуу социалдык тармактарды тартуу менен Медиа-кампаниялар, санариптик сабаттуулукту жана «жашыл» көндүмдөрдү өнүктүрүү, креативдүү стартаптарды ишке киргизүүнүн жолдору, чакан бюджети бар электрондук бизнес моделдерин өнүктүрүү ыкмалары жана санариптик технологиялар жаатындагы лидерлер жана эксперттер өткөргөн ар кандай этаптарда онлайн жана бетме-бет тренингдердин жардамы менен баштапкы капиталды тартуу боюнча кеңештер.

Жаш аялдар электрондук коммерция, санариптик туризм, Электрондук Айыл чарба же электрондук бизнес боюнча билим алуу менен санариптик экономикага катышууга жана андан пайда алууга чакырылат.

Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына SG 5 (гендердик теңчилик) жана SDG 8 (татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш) максаттарына жетишүүгө көмөк көрсөтөт.

«Жаштар үчүн татыктуу жумуш орундары» глобалдык демилгеси жана 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн күн тартиби.

«Жаштар үчүн татыктуу жумуш орундары» программасы 2016-жылы 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү күн тартибинде борбордук орунду ээлеген жаштарды жумушка орноштуруу маселесин чечүүгө багытталган БУУнун жалпы тутумдук демилгеси катары башталган. Ал өкмөттөрдү, социалдык өнөктөштөрдү, жеке секторду, жаштар жана жарандык коом уюмдарын жана башка уюмдарды бириктирген глобалдык көп тараптуу демилгеге айланды. Алар биргелешип билим бөлүшүшөт, ресурстарды тартышат жана жаштарды дүйнө жүзү боюнча татыктуу жана жемиштүү жумушка орношууга колдоо көрсөтүү үчүн өлкө жана регионалдык чараларды көрүшөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот:

Азиз Солтобаев Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн долбоорлорунун координатору, [email protected]

Талант Султанов Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн төрагасы, МКТ боюнча эксперт, [email protected]

Жаштар үчүн татыктуу жумуш орундарын түзүү боюнча глобалдык демилге: [email protected]

Онлайн вебинар “Цифровое сельское хозяйство”

Күнү: 30-май 2023-ж.

Сааты: 16:00

Спикер: Кожомбердиев Жыргалбек Алтымышович «CAMP Алатоо» коомдук фондунун Айыл чарба тармагында санарип ыкмаларды колдонуу жана инновациялык технологиялар боюнча эксперти.

Калкыбыздын көпчүлүгү айыл жергесинде мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенгендиктен Кыргызстан агрардык өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Жумушчу күчүнүн 40 пайызга жакыны айыл чарбада иштеп, бул ички дүң продукциянын 20 пайызын түзөт. Ошондуктан кезекетеги вебинарда айыл чарба тармагындагы санариптешүү тууралуу маек курабыз. Санариптештирүү — өлкөнүн, анын ичинде  айыл чарбасынын өнүгүүсүнүн негизги вектору болуп саналат.

Заманбап айыл чарба революциясы өндүрүмдүүлүктү жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу менен бирге кол эмгегинин көлөмүн жана чыгымдарды азайтуучу алдыңкы маалыматтык технологияларды (IT) киргизүүнү камтыйт. Бүгүнкү күндө айыл чарбасында маалыматтык технологиялады колдонуу компьютерлер гана эмес. Санариптик технологиялар өсүмдүк өстүрүүнүн же мал чарбачылыгынын толук циклин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет — «акылдуу» түзүлүштөр кыртыштын, өсүмдүктөрдүн, микроклиматтын параметрлерин өлчөйт жана өткөрүп берет. Мобилдик же онлайн тиркемелер дыйкандарга жана агрономдорго айыл чарба өсүмдүктөрүн  отургузуу же түшүм жыйноо үчүн ыңгайлуу убакытты аныктоого, жер семирткичтердин схемасын эсептөөгө, түшүмдү болжолдоого  ж.б. үчүн жардам берет.

«Проект Tech4Society принял участие в международной конференции «Digital resilience program»

18-майда И.Разаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде «Digital Resilience Program: Completion and Next Steps» темасында эл аралык конференция болуп өттү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Навки, ошондой эле санариптик технологиялар жаатындагы эл аралык уюмдар жана эксперттер катышты.

Ошондой эле бул иш-чарага технологиялык Tech4Society  командасынын кибер коопсуздук боюнча эксперти Нурбек Арзымбаевдин  катышты. Ал өзүнүн сөзүндө эл аралык тажрыйбага негизделген улуттук кибер коопсуздук стандарттарын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.